Тирүү материянын түзүлүш деңгээлдери


Тирүү материянын түзүлүш деңгээлдери – тирүүчүлүктүн структурасы жөнүндө түшүнүк. 20-кылымдын 60-жылдарында калыптанган. Жердеги тиричилик белгилүү системалык топко кирген, бирдей түзүлүштөгү жана ар кандай биргелешкен топторду түзүүчү индивидуумдар түрүндө болот. Индивидуумдар мол., клеткалык, ткандык жана органдык структурадан, ал эми биргелешкен топтор бир же көп түрдөн турат. Тирүү системаларды изилдөө бир нече денгээлге (мол., субклеткалык, клеткалык, ткандык, организмдик, популяциялык-түрдүк, биоценоздук, биосфералык) болуп бөлүнөт. Молекулалык денгээлди молекулалык биология изилдейт. Мында организмдин белоктук, ферменттик жана клеткалык түзүлүшү, нуклеин кислоталарынын (ДНК, РНК) түзүлүшү, репликация, ген. маалыматтын сакталышы жана тукумга берилиши изилденет. Субклеткалыкта органоиддердин (митохондрия, пластидалар, хромосомалар, рибосомаж. б.) түзүлүшү жана организмди түзүүчү ткандарды, алардын функциялары, организмдик деңгээлде организмдин түзүлүшүнүн жана физиол. процесстеринин өзгөчөлүктөрү, адаптация механизмдери, популяциялык-түрдүк денгээлде популяция таасир тийгизүүчү факторлор, жоголуп бара жаткан түрлөрдү сактап калуунун жолдору изилденет, түрлөрдүн саны көзөмөлдөнөт. Биосфералык денгээлде глобалдык проблемалар, мисалы, Жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн эркин кычкылтекти пайда кылуу ургаалдуулугу же кишинин тиричилигине байланыштуу атм-дагы көмүр кычкыл газынын концентрациясынын өзгөрүшү изилденет. Биоценоздогу организмдердин өз ара карым-катышындагы проблемалар, алардын саны жана кишинин биоценоздун сакталышына жана алардын комплексине таасири каралат.

2016-08-10 132 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10