Тинтүүр


Тинтүүр ("тинт" деген этиш сөздөн) — элдик медицинада колдонулган аспап. "Манас" эпосунда чагылдырылган Т. көбүнчө уруш-салгылаштардан кийинки эпизоддорду сүрөттөгөндө учурайт. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Т. тууралуу төмөнкүдөй маалымат айтылат: "Сом жеринде ок бар деп Тинтүүр менен копшутуп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 91). Жараатка салып, адамдын денесине туруп калган жаанын огун, башка куралдардын сыныгын таап, канча тереңдикте жатканын билүү, ордунан копшуу үчүн пайдаланылган. Т. алтын, күмүш, темир зымдан жана эң айла кеткенде табылгыдан да жасалчу деген маалымат бар. "Манас" эпосунда Т-дүн коргошундан жасалганы эскерилет: "Сөөккө жакын ок бар деп коргошун тинтүүр салыптыр (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 516-б.).

Т. тууралуу эпостогу маалыматтарды археологиялык табылгалар аркылуу бышыктоого болот. Мындай "сырдуу" аспапты 1971-ж. Тувада Хеличин суусунун Эне-Сай дарыясына куйган жеринде археологиялык казуулардын негизинде А. Д. Грач тапкан. Бирок, 1979-жылга чейин бул буюмдун функциясы так аныкталган эмес. Муну аныктоодо "Манастын " жана башкалар кыргыз эпосторунун материалдары зор жардамын тийгизген.

Ал археологиялык табылга темир зымдан жасалып, сөөк кынга салынган. Болжол менен узундугу 14—15 см келет, зымдын жоондугу 0,5 см. Өзөгү (зым) кутудан 1 — 2 см чыгып турат. Башы иймек болуп кайрылган. Сөөк кындын сыртында кыргыздын көчөтүнө окшогон оюулар бар. Ал буюм 9—10-кылымдарга туура келген эне-сайлык кыргыздын мүрзөсүнөн табылган. Бул азыркы кыргыз этносунун эне-сайлык кыргыздар менен байланышы бар экенинин күбөсү болуп эсептелет. Ошондой эле байыркы кыргыздарда элдик хирургия өнүккөндүгүн көрсөтөт.

2016-08-10 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10