Тимковский Меер Иосифович


Тимковский Меер Иосифович(1909, азыркы Украина, Полтава облусу, Новогеоргиевск шаары – өлгөн жылы белгисиз, Кыргызстан, Чүй облусу, Беловодск айылы) – айыл-чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1934-жылдан кант өнөр-жай тармагында жетекчи кызматтарда иштеген. 1942-ж. Кыргыз ССРинин Беловодский кант заводунун директору, 1943-жылдан Москва районундагы Фрунзе атындагы кызылча өстүрүүчү совхоздун директору болуп иштеген. 1947-ж. ал жетектеген совхоз 24 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 817 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.

2016-08-10 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10