Тиллебаев Эсен


Тиллебаев Эсен - балдар акыны. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында 1938-жылы 23-сентябрда туулган. 1961-жылы Араван районунун Гүлбаар айылындагы А. Навои атындагы орто мектепти аяктап, Араван райондук «Жогорку түшүм үчүн», «Достук» гезиттеринде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы болуп иштеген.

1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөндөн кийин Араван районундагы Токтогул атындагы орто мектепте мугалим, 1974-жылдан баштап «Ош жаңырыгы» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, маданият тармагы боюнча редактор болуп иштеген.

Анын адабий чыгармачылык жолу 1958-жылдан башталып, ошол жылы алгачкы «Таалайлуу жаштын тилеги» деген ыры Араван райондук «Жогорку түшүм үчүн» гезитине жарыяланган. Кийин анын ырлары, балдар үчүн жазылган чыгармалары облустук, республикалык гезит-журналдарда жарыяланып келген.

1987-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

1972-жылдан Кыргызстан Журналисттер, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Чаарчык: Бөбөктөр үчүн аңгемелер. – Б., 1985. – 12 б.

Чымчыктар үшүп калышат: Балдар үчүн аңгемелер. – Ош, 1994. – 20 б.

Бадырак: Балдар үчүн ырлар. – Ош, 1994. – 10 б.

Алтын өрөөндүн атуулу: Эссе. – Ош, 1996. – 46 б.

Жүрөктөн шоола чачкандар: Көркөм баян. – Кызыл-Кыя, 2001. – 40 б.

Төө-Моюн чыгааны: Даректүү поэма. – Кызыл-Кыя, 2001. – 40 б.

Касымжанов Р. Ажынаама. – Ош, 1993. – 22 б.

Абдувахидов С. Ислам тарыхы. – Ош, 2004. – 268 б.

Шерматов С. Дил баяны: Ырлар. – Ош, 2005. – 52 б.

Абдиев М. Таза аалам: Ырлар. – Ош, 2008. – 80 б.

2016-08-10 56 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10