Тилдердин типологиялык классификациясы


Тилдердин типологиялык классификациясы – тилдердин тектештик же аймактык жакындыгына карабастан, түзүлүш касиеттерине, морфологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык топтоштурулушу. Тилдердин типологиялык классификациясы бүткүл дүйнө тилдеринин материалын камтууга, алардын окшоштугун, айырмачылыгын чагылдырууга умтулат, ошону менен бирге мүмкүн болгон тил типтерин жана ар бир тилдин же типологиялык жактан окшош тилдердин өзгөчөлүктөрүн ачып берет. Азыр Тилдердин типологиялык классификациясы морфологиянын гана эмес, фонологиянын, синтаксистик семантиканын материалдарына таянып, тилдерди төмөнкүдөй топтоштурат: обочолонмо (аморфтук) тип – сөздөрдүн уңгуга окшош элементтерден турушу. Булардын грамматикалык мааниси сүйлөмдөгү алган ордуна жана интонацияга ылайык өзгөрүү берет (мисалы, байыркы кытай, вьетнам тили), агглютинацияланма тип – сөздүн уңгусуна белгилүү бир маанидеги мүчөлөрдүн тизмектешип жалгануу менен өзгөрүшү (мисалы, түрк, угор-финн тилдери), флексиялама типички жана сырткы флексия кубулуштарынын болушу (мисалы, инди-европа, семит тилдери). Айрым тилчилер инкорпорациялама (полисинтетикалык) тилдерди да өзүнчө тип катары көрсөтүшөт.

2016-08-10 610 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10