Тибет-Кыргыз мамилелери


Тибет-Кыргыз мамилелери (8–9-кылымдар) – Тибет өлкөсү менен Кыргыз кагандыгынын ортосундагы саясий байланыш. Сонгцэна Гампонун (617–50) учурунда күч алган Тибет падышалыгы Тисонге Децэненин (755–97) тушунда зор империя түзүп, карлуктар менен союз түзүп, чыгышындагы Уйгур кагандыгы жана Тан империясына коркунуч туудура баштаган. 795-ж. бийликке келген уйгурлардын ханы Алп Кутлуг Билге каган адегенде түндүк-чыгышын коркунучтан камсыз кылуу үчүн кыргыз өлкөсүнө (Саян-Алтай аймагы) жүрүш жасоого киришкен. Кыргыз каганы аларга каршы Тан империясы менен союз түзүүгө аракет кылган, бирок андан майнап чыккан эмес. Натыйжада Араб халифатына, уйгурларга Тан империясына каршы тибеттиктер, кыргыздар менен карлуктардын убактылуу союзу түзүлүп, еаясий мазмундагы байланыштары күчөгөн. 840-ж. кыргыздар уйгурлардын борборун басып алып, аларды биротоло талкалоо үчүн Түштүк Манжурия, Алашань, андан ары Чыгыш Түркстанга (к. Синъцзян) чейин жеткен. 843-ж. жазында кыргыздар Аньси, Бэйтин шаарларын каратып, Кашкарга ээ болгон. Тибет-Кыргыз мамилелери тууралуу маалыматтар негизинен Тувадагы (Россия) байыркы кыргыз көрүстөндөрүнөн (Овюр эстелиги) табылган тибет берёста тумар-грамоталары жана кытай тарыхый даректеринде («Тан шу») эскерилет. Кээ бир изилдөөчүлөр (мисалы, Л. Гумилёв) уйгурлардын талкаланышын Тибет дипломатиясынын жемиши деп баалаган, бирок көпчүлүк окумуштуулар (П. Азбелев, Г. Супруненко ж. б.) аны кошумча фактордун бири болгонун белгилешет.

2016-08-10 37 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10