Тезекбаев Асанбек


Тезекбаев Асанбек (1933–1992) - жазуучу жана драматург Асанбек Тезекбаев Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 1933-жылы 23-апрелде туулган. Анын балалык чагы согуш учуруна туш келген. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин бүтүрүп, атайы жолдомо менен Жумгал районунун Жаңы-Арык орто мектебине мугалим болуп келген. 1959–1967-жж. өзү туулуп өскөн Таш-Дөбө жети жылдык мектебине директор, 1969-жылы Жумгал райондук партия комитетинде инструктор, 1970–1974-жж. Жаңы-Арык орто мектебинде директор, 1974–1976-жж. Миң-Куш шаарчасындагы А. С. Пушкин атындагы орто мектептеринде директор болуп эмгектенет. 1976-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Таш-Дөбө мектебинин эмгек жамаатын жетектеп келген.

1960-жылдардан тартып адабият майданына аралашып, балдарга арналган «Сайра торгой», «Кумайык», «Токсон өрдөк» деген аңгемелер жана фантастикалык чыгармаларды жазып, сатиралык чыгармаларды да жараткан.

«Токтобек өскөн айылда» пьесасы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында зор ийгилик менен коюлган. «Эмне болот?» пьесасын республикалык «Касымалы – Шайыр» менчик театры (Кыргыз Мамлекеттик Академиялык драма – театрынын артисттери менен бирдикте) тушоо кесүү бетачары кылып алып чыгышкан.

1989-жылдан Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун мүчөсү, бир нече өкмөттүк сыйлыктардын ээси болгон.

Жарык көргөн китептери

Сайра, торгой, сайра: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1971.– 23 б.

Кумайык: Аңгеме. – Ф.: К-те: Учкун, 1972. – 187–196-б.

Акыры үйлөнөм го: Аңгеме. – Ф.: К-те: Жалбыз жыты, 1973. – 252–261-б.

Касиеттүү түкүрүк: Сатиркалык аңгеме. – Ф.: К-те: Учкун, 1973. – 218–224-б.

Тамашаңды кантейин..., Эмнеңе капа болоюн: Сатиралык аңгемелер. – Ф.: К-те: Учкун, 1974. – 191–198-б.

Сараңдын керээзи: Сатиралык аңгеме. – Ф.: К-те: Учкун, 1975. – 219–225-б.

Касиеттүү түкүрүк: Сатиралык аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1977.– 96 б.

Кумайык: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 48 б.

Шашкан шайтандын иши: Интермедия. – Ф.: К-те: Сенин репертуарың, 1980. – 99–101-б.

Токсон өрдөк: Аңгеме – жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1984. – 52 б.

Чагылган изи. – Ф.: Адабият, 1990.

Меники да ошол кайруусу катуу болду, Шабагымды бүлдүргөм, Атымдын уйкашы жаман ж. б.: Аңгемелер. – Ф.: К-те: Чагылган изи, 1990. – 150–244-б.

Ата кесибин улап: Жумгал районундагы Таш-Дөбө колхозунун механизатору Э. Нуркалиев жөнүндө. – Ф.: К-те: Айыл таңдары, 1998. – 74–80-б.

Кыялкеч бала: Аңгеме-жомоктор. – Б., 2002. – 72 б.

Драмалары

Токтобек өскөн айылда (1972).

Ак шумкар (1975).

Эмне болот? (1992).

2016-08-10 38 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10