Тетрафторэтилен - СF2 =СF 2 — мол масс. 100,02 — түссүз, жытсыз газ, токсикалык эмес, кайноо t -76,3°, тоңуу t -142,5°, тыгызд. 1,519 г/см3. Сууда эрибейт, орг. эриткичтерде эрийт. Ал оңой полимерленет жана көпчүлүк мономерлер менен сополимерленет. Т. өнөр жайда дифторхлорметанды 630-800°С атм. басымда пиролиздөө менен алынат:
630-800°С
2СНF2Сl -----® 2СF2® СF2 =СF2
-НСl
Т. перфторпропион к-тасынын Na жана К туздарын пиролиздөөдөн
же политетрафторэтиленди 500-700°С вакуумда деполимерлөөдөн да алууга болот. Т. нуклеофилдүү реагенттер менен женил реакцияга кирип, алардын касиеттерине жана реакциянын шартына жараша ал реагентти кoшуп алат же аның молекуласында орун алмашуу процесси жүрөт.
CF2 =CF 2+RONa ®RO-CF=CF2,
CF2 =CF 2+RSH ®RS-CF2-CF2H.
Т. негизинeн политетрафторэтилен (к. Фторопласттар) алууда коддонулат.