Тешебаев Гапар


Тешебаев, Гапар (1928-жылы Ноокат району, Өрнөк кыштагында төрөлгөн.)-тамеки өстүрүүчү, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971), СССР социалисттик айыл чарбасынын устаты (1967). 1953-жылдан КПСС мүчөсү. 1946-59-ж. «өрнөк» колхозунда колхозчу болуп иштеген, 1962-жылдан У. Салиева атындагы колхоздо тамеки өстүрүүчүу бригаданын бригадири болуп иштеген. 1971-жылы анын бригадасы 46 га аянттын ар гектарынан 27 - 29 цден тамеки жалбырагын жыйнап алган.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

2016-08-10 34 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10