Термодиссоциация


Термодиссоциация – жогорку темп. таасиринде татаал заттар кайталанма ажыроо реакциясы. Мисалы, 2H2O = 2Н2 + О2. Т. массалар таасир этүү законуна баш ийет жана анын теңсалмактуулуктагы абалы диссоциация даражасы менен мүнөздөлөт. Мындай реакциялар кайталанма болгондуктан темп-раны, компоненттер концентрациясын же басымды өзгөртүү менен реакция теңдештигин өзгөртүүгө болот. Мисалы, пайда болгон жөнөкөкй заттар бирөөнүн санын көбөйтсө, реакция теңдештиги баштапкы татаал затты пайда кылуу жагына жүрөт да диссоциация даражасы азаят. Ал эми жөнөкөй заттар бирөөнү азайтса, реакция ажыроо жагын көздөй жылат жана диссоциация даражасы көбөйөт. Өнөр жайда акиташ бышыруу, цемент чыгаруу жана башка химиялык жана металлургиялык процесстер ушундай реакцияга негизделген.

2016-08-10 227 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10