Терешкова Валентина Владимировна


Валентина Владимировна Терешкова (орусча - Валенти́на Влади́мировна Терешко́ва) (1937-жылы туулган) - советтик туңгуч космонавт айым, учкуч, генерал-майор, коомдук ишмер. Советтер Союзунун Баатыры.

Валентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большон Масленниково кыштагында келгин белорустун үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Владимир Аксёнович Могилев облусунун Белиныч районуна караштуу Выйлово кыштагынан болот. Ал совет-финн согушунда курман болгон. Бала чагында Валентина белорусча сүйлөгөн.

1959-жылдан Ярославлда парашют спорту менен алектенет. Ошол эле учурда текстил ишканасында жумушчу болуп иштейт.

1955-60-жылдары Ярославл жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуйт.

1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталат.

1963-жылы 16-июнда Терешкова "Восток-6" кемеси менен космоско аттанып, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулду.

Ошол эле күндөрү космосто Валерий Федорович Ьыковский "Восток-5" кемеси менен космостук орбитада учуп жүрдү.

Терешкованын шартуу ысымы "Чайка" ("Акчардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.

Терешкованы жерге түшүргөн жабдык (аппарат) Орусиянын Алтай аймагындагы Баев районуна аман-эсен конгон.

Оболу Валентина Терешкова космонавт Андриян Николаев менен баш кошкон (1963-жылдын 3-ноябры).

үлпөткө Н. С. Хрущёв да келген.

1964-жылы 8-июнда Валентина менен Андриян Елена аттуу кыздуу болушкан.

1982-жылы эки космонавт расмий түрдө ажырашкан.

Андан соң В. Терешкова медицина кызматынын генерал-майору Юлий Георгиевич Шапошников (1931—1999)менен баш кошкон.

Неберелери — Алексей Игоревич Майоров (1996) жана Андрей Андреевич Родионов (2004).

Терешковага "ХХ кылымдагы чыгаан аял" наамы берилген.

Терешкованын ысымы менен:

Голландиялык "Stone Oak Kosmonaut" тобунун «Cosmonaut № 6 (Valentina Tereshkova)» ыры, София Ротару ырдаган «Валентина» ыры (модаван тилинде, 1968-жыл), ж. б.

2016-08-10 76 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10