Терексай сурьма кени


Терексай сурьма кени, Терек сурьма кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Терексай шаарынын түндүк тарабында, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 1570–1700 м бийиктикте. 1935-ж. табылган. 1940–66-ж. мезгил-мезгили менен чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагында силур, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон акиташ теги, мрамор, кристаллдуу сланец, кумдук, конгломерат, алевролит тектери жайгашкан. Бул тектер татаал бүктөлүүгө дуушарланып, субмеридиан багытындагы брахиоантиклиналь структурасын түзөт. Аларды диорит-гранит, ультрабазит-габбро-диорит интрузиялары жиреп чыккан. Чөкмө тектер интрузиянын таасиринен роговиктерге жана жаспероиддерге айланган. Сурьма рудасы брекчияланган роговик менен акиташ тектеринин кошулган жеринде топтолгон. Руда тулкусунун узундугу 500–1200 м, калыңдыгы 1,0–15 м. Негизги минералдары: антимонит, пирит, чаңда сфалерит, буланжерит, жемсонит, арсенопирит ж. б. Герцин металлогениялык доорунда гидротермден пайда болгон. Сурьманын рудадагы өлчөмү 1,69–7,66%, кээ бир кесилиште 17–18%ке чейин өзгөрөт. Алтындын өлчөмү 3,7–6,4 г/т, күмүштүкү – 2,1–9,6 г/т. Руданын С1 категориясы боюнча запасы 912 миң т. Сурьманын орточо өлчөмү 3,37%, запасы 30802 т. Алтындын орточо өлчөмү 9,1 г/т, запасы 7,6 т. Кен Терексай рудниги тарабынан казылып алынууда.

2016-08-10 104 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10