Тепке


Тепке – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Тепке айыл аймагына караштуу. Жыргалаң суусунун он өйүзүндөгү бийик кашатта, Каракол – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1735 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак - Суу) кыштагынан 28 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 211 км. Калкы 1184 (2011), негизинен мал багып, дыйканчылык кылат. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Кыштакта Кыргыз ССР эл жазуучусу К. Жантөшев жана Кыргыз ССРинин эл артисти С. Жумадылов туулган.

2016-08-10 38 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10