Теңизбай хромдиопсид кени


Теңизбай хромдиопсид кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 60 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 4050 м бийиктикте. 1987-ж. геол. cъемка ишин жүргүзүүдө табылган. Пермь-триас мезгилинин гаумыш комплексинин тулкусу менен байланышкан жана базальтоиддердин жарылуу түтүкчөсү менен чектелген. Түтүкчөнүн узундугу 300 м, туурасы 0,5 мден 80 мге чейин. Бирге жаткан тоотектери, өлчөмү 23 ммден 55 смге жеткен жашыл, көк-жашыл түстөгү хромдиопсиддин бүртүкчөлөрү жана сепкилдерин кармап турат. Бүртүкчөлөр менен сепкилдердин саны тоотектеринин көлөмүнүн 5–7%ин түзөт. Хромдиопсид кабошондорду жасоого жарамдуу. Зергердик чийки заттын болжол ресурсу 600 м3.

2016-08-10 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10