Теңдемдөө


Теңдемдөө, баланстоо – техникада машинанын айлануучу бөлүктөрүн (ротор, маховик, муунактуу вал ж. б.) тең салмактоо. Теңдемдөө динамикалык жана статикалык болуп бөлүнөт. Техникада көбүнчө дөңгөлөктү туура сапаттуу орнотуу Теңдемдөө болуп эсептелет. Дөңгөлөктү Теңдемдөө – мезгилдүү кайталануучу процедура. Ал бардык технологияларды сактоо менен абдан мыкты аткарылса да, убакыттын өтүшү менен дөңгөлөктүн балансы бузулат. Буга жолдун абалы, пайдаланылган шиналардын абалы жана классы, жүрүү түрлөрү жана транспорт каражатынын кыймыл ылдамдыгы, транспорт каражатынын түздөн-түз техникалык абалы ж. б. бир катар факторлор таасир этет. Дөңгөлөктөрдү Теңдемдөө шиналарды ар бир алмаштырганда, дөңгөлөктү ондогондон кийин, дирилдөөдөн ыңгайсыздык пайда болгондо жана ар бир 5000 км жүргөндөн кийин алдын алуу үчүн жүргүзүлөт.

2016-08-10 50 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10