Тентиев Жумабек


Тентиев Жумабек (14. 4. 1948-жылы туулган, Нарын шаары) – техника илимдеринин доктору (1998), профессор (1993), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү (2000). Ленинград инженердик-курулуш институтун (1972), ошол эле жерде аспирантураны (1980) бүтүргөн. Ленинград шаарындагы «Гипроспецгаз» мамлекеттик илимий изилдөө жана долборлоо институтунда инженер (1971–72), Кыргыз айыл курулуш министрлигинде улук инженер (1972– 75), Ленинградда 4-үй куруу комбинатында мастер (1975–80), Кыргыз курулуш жана архитектура боюнча Илим Изилдөө институтунун (ИИИ) улук илимий кызматкери (1981– 83), Фрунзедеги политехникалык институтта улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1983–92), Кыргыз архитектура-курулуш институтунда ректор (1992–98), 1998-жылдан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору. Бийик-тоо экстремалдык шартында эксплуатациялануучу курулуштар жана имараттар үчүн композиттүү материалдардан курулуш конструкциялар тармагы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монография, 4 окуу куралы жана 9 ойлоп табуусу жарык көргөн. Эмг.: Нелинейная теория упругости. Б., 1996, Состав и структура композитных материалов (в соавторстве). Б., 1997, Расчетные методы оценки устойчивости откосов (в соавторстве). Б., 2000.

2016-08-10 68 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10