СССР сүрөтчүлөр союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Көп жылдар кино тармагында жигердүү эмгек өтөп, Бүткүл Союздук жана республикалык фестивалдарда ири сыйлыктарга татыган 1977-жылы "Сандардын чатагы", 1983-жылы "Эр жүрөк үчөө", 1986-жылы "Түнкү окуялар" жана башка көркөм тасмаларды жараткан. Түркия Республикасында "Кыргыз элдик кийимдери" деген альбому чыгарылган.
1993-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде көркөм сүрөттөн сабак берет.