Темир Ысык-Көл району


Темир, Ысык-Көл району – Ысык-Көл районундагы кыштак. Темир айыл аймагына караштуу. Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1629 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 104 км. Калкы 3735 (2011), негизинен мал асырап, дыйканчылык кылат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Жумадылова, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж. Сейдакматова туулган. Кыштак белгилүү саякатчы, улама, орусча окуган, күңгөйдө элди отурукташтырууга активдүү катышкан, дыйканчылыкка өтүүнү уюштурган, ишмер Темир Усуп уулунун ысмынан аталган.

2016-08-10 80 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10