Текесакал (Dodarаtia) – нopичниктер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп, бийикт. 15-30 (45) см., сабагы түбүнөн тартып чокусуна чейин көп бутактуу. Сабактын түп жагындагы жалбырактары тушташ, ал эми жогоркулары кезектешип жайгашкан, жалбырагынын жээги тегиз, уз. 1-5 см, туурасы 3-5 мм, ичке, тасмадай. Гүлдөрү жалгыздан, калемчедей сейрек топ гүлдү түзөт, желекчелери түтүкчөдөй, эки эриндүү, түсү кочкул кызыл, кочкул-кызгылт-көк. Мөмөсү көп уруктуу кутуча. Жер жүзүндө бир гана түрү (чыгыш Т.) адырда, арык, жол боюунда, аңызда өсөт, ошондой эле айдоодо отоо чөп катары зыяны бар. Ич алдырма дары катары колдонулат.