Тегирменти Кемин району


Тегирменти (кыргызча Тегирменти) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусун Кемин районундагы айыл. Көк-Ойрок айыл округу составына кирет.

Калкы - 1 446 киши.

Тегирменти 20-кылымдын башында эле, 1900-жылы пайда болгон кыштак.
Сыягы бул кыштакчада Кемин өрөөнүндө алгачкылардан болуп cуу тегирмен салынса керек.
Тегирменти айылы Бишкек шаарынан 142 чакырымча алыстыкта, Чоң-Кемин өрөөнүнүн ичинде жайланышкан.
Калкынын саны 1500 чамалуу.

Тегирменти деген айылдын аты кыргыз адабиятында жана киносунда Жаныш Кулмамбетовдун "Бейтааныш арбак" аттуу роман-триллеринде жана "Каргыш" кинофильминде пайдаланылган.
Бирок, Ж. Кулмамбетов "Тегирменти" деген айылды оюумдан чыгардым деп ойлоп жүрсөм, кийин ушундай кыштак бар экенин окуп алып, таң калдым" дейт.

2016-08-10 355 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10