Тегирмеч агальматолит кооз ташы кени


Тегирмеч агальматолит кооз ташы кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Караганды кыштагынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта, Кичи Алай кырка тоосундагы Тегирмеч суусунун сол өйүзүндө. 1966–67-ж. табылып, изилденген. Кен аймагында карбондун каралжын боз акиташ тоотек кабаттары таралган. Аларды пермь мезгилинде пайда болгон боз, орточо бүртүкчөлүү гранит-диорит штоктору менен дайкалары жиреп чыккан. Акиташ теги менен гранит-диорит чегинде агальматолит пайда болуп, анын тулкуларынын узундугу 200–230 м, калыңдыгы 25–30 м. Таза агальматолиттин түсү ачык сары, саргыч боз, боз, бозомук күрөң, ачык жашыл, жашыл жана кочкул жашыл. Жашыл жана кочкул жашылы басымдуу, өтө кооз, кат-кат болуп турат. Оңой кесилет, жакшы сайкалданат. Боз агальматолит андан жумшак. Чыгуучу блоктордун өлчөмү 504040 смге чейин жетет. Таштан өтө кооз шуру, статуэтка ж. б. майда кооз буюмдарды жасоого болот.

2016-08-10 57 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10