Тажиев Кадырбек Мукашевич


Тажиев Кадырбек Мукашевич (3. 6. 1947-жылы туулган, Чүй областы, Москва району, азыркы Чоң-Арык айылы) – цирк артисти жана клоун, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1990), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010). 1974-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун, 1986-жылы Москвадагы Л. Луначарский атындагы ГИТИСтин (Ю. И. Никулинден таалим алган) драма театр жана цирк режиссёру бөлүмүн бүтүргөн. 1965–92-жылдары Москвадагы бүткүл союздук «Союзгосцирк» бирикмесинде, 1980–93-жылдары Кыргыз мамлекеттик циркиндеги «Эхо Ала-Тоо» клоундор тобун жетектеген, 1992–2004-жылдары «Цирк артисттеринин ассоциациясынын» президенти, 2004–06-жылдары Кыргыз мамлекеттик циркте башкы режиссёр, 2006–2010-жылдары директордун орун басары, 2010-жылдан көркөм жетекчиси. Чыгармачылыгы 1965-жылдан «Шумкар» жигитовка программасын даярдоо менен башталган. «Сыйкыр жаанын сыры» (балдар үчүн жомок), «Жылдыздар манежде» ж. б. цирк искусство программалары. «Кулун» цирк искусствосунун республикалык балдар фестивалынын уюштуруучусу ж. б. конкурс-фестивалдардын катышуучусу («Шабыт» эл аралык фестивалы, жюринин төрагасы), «Эхо Азии» эл аралык цирк искусствосунун фестивалдарына катышкан. Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.

2016-08-10 78 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10