Таж-Махал


Таж-Махал – Улуу Моголдор мезгилиндеги инди архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги, Шах-Жахандын 38 жашында каза болгон аялы Мумтаз-Махалдын мавзолейи (кийин Шах-Жахандын сөөгү да коюлган). 1630–52-жылдар ченде Агра шаарына жакын, Жамна дарыясынын жээгинде курулган. Таж-Махал (архитектору уста Исанын жетекчилиги менен 20 миң жумушчу.22 жылда куруп бүткөн) – бурчтарында 4 мунарасы бар, беш кумпалуу имарат (бийиктиги 74 мдей). Дубалы жылмакай ак мрамордон салынып, Кытай, Ирандан алып келинген асыл таштар менен шөкөттөлгөн (инкрустацияланган). Бет маңдайында фонтандары, бассейни бар бак жайгашкан.

2016-08-10 30 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10