Татту менен ачуу


Падышанын сарайында Апенди ашпоз болуп иштеп калат. Бир күнү падыша ага мындай буйрук айтат: - Эртең меникине алыстан кадырман мейман келет. Тамактын эң таттуусунан, эң даамдуусунан камда, - деп. Эртеси коноктор келип, дасторконго тамактын түркүнү тартылат. Бирок, караса, баары эле - малдын тили! Падыша каарданып: - Эй, макоонуи макоосу! Мен сага тамактын эң таттуусун, эң даамдуусун апкел дебедим беле?! - дейт.

- А сенин бергениң эмне?! - Таксыр, - дейт Апенди анда таазим этип, - бул дүйнөдө тилден таттуу, тилден даамдуу эмне бар? Балага жалынып, ашык жарга ыр арнаган тил! Кудайга тобо кылып, келме келтирген да тил! - Кургак чечендигиңдин мага кереги жок. Андай экен, кечинде жалаң ачуу тамак апкел, - деп буйрат падыша Апендиге. Кечинде да меймандардын астына жалаң тилден тамак тартылат. Падыша буркан-шаркан түшүп, Апендини айда кууруп кирет: - Наадан! Сен мени шерменде кылгың бар го? Мен сага жалаң ачуу тамак даярда дебедим беле! Кыйраткансып, баягы эле тилге кайта-кайта шыкайсың! - Улукман паашам, - дейт Апенди сабырдуу сүйлөп, - тилден ачуу, тилден даамсыз эмне бар бул жалганда?

Адамды жер-жеберине жеткирип, сөккөн тил! Бирин бири азгырып, шайтан кылган да тил! Муну уккан меймандар: - О, өкүмдар! Ашпозуңуз жанда жок акылман тура, деп Апендинин сөзүнө тамшанган экен.

2016-05-29 273 Бөлүм: Апендинин жоруктары

Маалыматты көчүрүү үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.