Ташыбекова Жамал Чойбековна


Ташыбекова Жамал Чойбековна (29. 8. 1937-жылы туулган, Фрунзе шаары) – мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1960-ж. Москвадагы жеңил өнөр-жай технологиялык институтун бүтүргөн. 1960–64-жылдары Фрунзедеги «Октябрдын 40-жылдыгы» атындагы кийим тигүү фабрикасында бригадир, мастер, цех начальниги, 1964–67-жылдары «Киргизия» фирмасында филиалдын начальниги, башкы инженери, генералдык директору, 1967–71-жылдары Кыргызстан КП БКда инструктор, бөлүм башчынын орун басары, 1971–80-жылдары Фрунзе шаараткомунун төрагасынын орун басары, 1980–86-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, ошол эле мезгилде Кыргыз ССР тышкы иштер министри, 1986–97-жылдары чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыш боюнча Кыргыз коомунун, 1997–98-жылдары үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрайымы, 1998–2004-жылдары Кыргызстан аялдар уюмдары федерациясынын жетекчиси, 2004–10-жылдары Достук үйүнүн директору, 2010-жылдан директорунун орун басары. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

2016-08-10 62 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10