Таштуу Тунгуска


Таштуу Тунгуска, Ортоңку Тунгускa – Россия Федерациясынын Краснояр крайындагы дарыя. Енисейдин оң куймасы. Узундугу 1865 км, алабынын аянты 240 миң чарчы/чакырым. Ангар токол тоосунан башталып, Орто Сибирь бөксө тоосу аркылуу агат. Жогорку бөлүгүндө Катанга деген ат менен терең өрөөн аркылуу агып, Тэтэренин чатынан өрөөнү кууштайт, нугунда босоголор, сайроондор көп. Негизги куймалары: Камо, Вельмо (сол), Тэтэрэ, Чуня (оң). Орточо чыгымы 1587,1 м3/сек., кар суусунан куралат. Суусу май – июлда кирип, октябрдан майдын ортосуна чейин тоңот. Кээ бир жылдары ташкындайт. Ортонку жана төмөнкү агымында кеме жүрөт. Чатында Орто Сибирь коругу бар. Калктуу пунктары: Ванавара (1146 м, ушул жерди кеме жүрөт, Байкит, Полигус жана бир нече факториялар. 1908-ж. 17 (30)-июнда Ванавара кыштагынан 80 км түндүктө Тунгус метеорити түшкөн.

2016-08-10 68 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10