Таштак гипс кени


Таштак гипс кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Таштак кыштагынан 2–3 км түштүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад т. ж. бекетинен 10 км аралыкта, Фергана тоо тизмегинин түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 900–1000 м бийиктикте. 1937- жана 1957-ж. «Средазгеолнеруд» трести геол. чалгындоо жүргүзгөн. Кен аймагын бор мезгилинин чөкмө тектери түзөт. Гипс чопо катмарынын арасында жайгашкан, ортосу чопо, акиташтуу кумдук жана акиташ теги менен бөлүнгөн 2 катмардан турат. Астынкысынын жалпы калыңдыгы 8–25 м, үстүнткүсүнүкү – 2 м. Гипс тунук, ак, кээси кызгылтым. Курамында гипс 90,8%, ангидрит 6%ке чейин. Технологиялык касиети боюнча 1-сорттогу курулуш гипсин алууга болот. Кыртышты гипстендирүүдө, цемент өндүрүшүндө колдонсо болот. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 628 миң т.

2016-08-10 57 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10