Ташкороо калай кени


Ташкороо калай кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда. Эңилчек кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында, Кайыңды өрөөнүндө. 1963-жылдан белгилүү. Кен аймагын силурдун аягында пайда болгон сланец, акиташ тектери жана аларды жиреп чыккан граниттер түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделип, өзгөрүүлөргө дуушарланып мраморго, роговикке айланган. Руда тулкулары интрузиянын эндоконтактыларындагы роговик, мрамор, акиташ тектеринде жатат. Касситерит жана вольфрамиттүү кварц-турмалин, кварц-сульфид тарамдарынан түзүлгөн руда зоналарынын туурасы 1 кмге, узундугу ондогон кмге жетет. Зонадагы руда тарамдарынын калыңдыгы бир нече смден 3 мге, айрым жерлерде 6 мге чейин.

2016-08-10 106 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10