Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич


Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

"Ата-Журт" депутаттык фракциясынын лидери.

Улуту - кыргыз.

үй - бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Жалал-Абад областынын Сузак районунун Барпы айлында 1968-жылы 27-сентябрында туулган.

1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин "инженер-химик" адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин "юрист" адистиги боюнча аяктаган.

1987 – 1989-жылдары Советтик Армиянын катарына кызмат өтөгөн.

1993-жылы эмгек жолун "Мээрим-Ай" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган.

1995-жылдан 2000-жылга чейин "Томас" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген.

2000-2002-жылдары "Элет-Кенч" көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.

2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин жардамчысы болуп иштеген.

2003-2005-жылдары Ленин районун мамлекеттик администрациясында раймамадминистрациянын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген.

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - Кыргыз Республикасынынөзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, министр болуп иштеген.

2010-жылдын декабрынан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Журт" депутаттык фракциясынын лидери болуп саналат.

2008-жылы 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин № 471 Жарлыгы менен Камчыбек Ташиевге "генерал-майор" деген наам берилген.

мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси мамлекеттик ченине ээ.

2016-08-10 63 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10