Ташиев Бакай


Ташиев Бакай - обончу, аткаруучу Манас районунун Бала-Саруу айылында 1952-жылы 20-октябрда туулган. 1970-жылы Арал айылындагы А. үсөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1970–1972-жж. Монголия Эл Республикасында армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1976–1980-жж. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1980–1981-жж. Сокулук районунун, 1981–1984-жж. Манас районунун, 1984–1986-жж. Талас шаарынын маданият үйлөрүндө директор, 1986–1992-жж. Кыргызсовпрофсоюздун Өздүк көркөм чыгармачылык үйүндө бөлүм башчы, 1992–1994-жж. Кыргыз телерадиокомитетинде редактор, 1994–2000-жж. Чүй облустук маданият башкармалыгында башкы адис, 2000–2006-жж. Чүй облустук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын 30дан ашык обондору бар. Акын Анасбек Жумалиевдин сөзүнө жазылган «Жашыл көчө» деген ыры алгачкы обону болуп эсептелет. 1982-жылы жеке пластинкасы жарыкка чыккан.

2016-08-10 56 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10