Ташагыл Ахмед


Ташагыл Ахмед (1962-ж. туулган), заманбап түрк тарыхчысы, профессор. Байыркы түрктөрдүн тарыхы, мамлекеттик-саясий түзүлүшү, этникалык тарыхы боюнча таанымал адис. Англис, француз, кытай, орус жана түрк тилдеринде (кыргыз, казак) эркин сүйлөй билет. Ахмед Ташагыл Түркиянын Кожаэли шарында тулган, Измиттеги Мимар Синан лицейин аяктагандан соң, 1985-ж. Стамбул университетинин Тарых бөлүмүн аяктаган. Университеттен кийин байыркы түрктөрдүн тартыхы боюнча адистеше баштаган жаш окумуштуу Тайванга (Кытай Республикасы деп аталат) барып, жергиликтүү Ших-ван университетинде кытай тилин (тайвань диалектиси) үйрөнгөн, Ченг-чих универистетинде этнология батытындагы дарстарды уккан. 1987-ж. МИмар Синан университетинде окутуучу, доцент, профессор болуп иштеген. Андан соңку жылдары Түркстандагы (Казакстан) Казак-Түрк университетинде, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде профессор болуп эмгектенген. А. Ташагыл Орто Азиядагы тарыхый жайлардын дээрлигин кыдырып чыккан. Монголиядагы байыркы түрк эстеликтерин изилдөө, ал жерде археологиялык казуу жана иликтөө иштерин жетектеп келет.

2016-08-10 60 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10