Таш-Рабат сепили


Таш-Рабат — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы байыркы заманда караван-сарай болгон тарыхый эстелик, Кытай чек арасынан алыс эмес жерде жайгашкан. Курулуш Таш-Рабат аттуу суунун жээгинен, деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте орун алган.

Таш-Рабат XV кылымда IX-X кылымдарга таандык монастырдын ордуна курулган. Анын пайда болуусунун эки версиясы бар: биринчиси — храм Сириядан келген христиан монахтары тарабынан салынган же башка бир христиан тобу тарабынан, экинчиси — аны монах-буддисттер курушкан.

Убакыттын өтүшү менен Орто Азияда ислам дини толугу менен орнотулуп, храм солгундай баштаган. Бирок Улуу Жибек Жолу Таш-Рабаттын бош калуусун болтурган эмес. Ал курулуш караван-сарай катары пайдаланып келген.

Таш-Рабат Тянь-Шань аркылуу өткөн Жибек Жолунда негизги пункт болуп эсептелинген. Анткени Таш-Рабат көпөстөргө баш калкалоочу жай гана болбостон, аларды уурулук, тоноочулуктан да коргогон. Таш-Рабат аркылуу кербен Фергана өрөөнүнө багыт алчу.

Таш-Рабаттын сүрөтү Кыргызстандын улуттук валютасы болгон сомдун 20 сомдук номиналында бар.

2016-08-10 446 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10