Таш-Көмүр глиеж кени


Таш-Көмүр глиеж кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 6,5 км түштүк тарапта, Атойнок кырка тоосунун түштүк этегинде, Нарын д-нын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 900–1150 м бийиктикте. 1943-ж. табылган. 1958-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон алевролит, чопо, гравелит, кумдук тоотектери түзөт. Пайдалуу глиеж катмары көмүрдүн табигый өрттөнүүсүнөн бышкан кумдук жана аргиллиттен пайда болгон. Калыңдыгы 70–80 м, узундугу 600 мге чейин. Глиеж ачык күрөң, күрөң, кара күрөң, кызгылтым, кочкул кызыл түстө. Майда бүртүкчөлүү, жол-жол темгилдүү. Кысууга чыдамдуулугу 600–1000 кгк/см2. Пуццолан портланд-цементин даярдоодо минералдык кошунду катары пайдаланса болот. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 12572 миң т.

2016-08-10 58 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10