Тарыхый жана логикалык


Тарыхый жана логикалык – теориялык философиянын түшүнүктөрү. Философиянын тарыхында Тарых жана Логикалык кубулуштардын өз ара алакасына Аристотель кайрылган.

Анын окуусунда Тарых жана Логикалык акыл менен сезимдик кабыл алуулардын айкалышуу проблемасы катары берилген. Тарых жана Логиканын өз ара алакасынын проблемасына Г. В. Гегель, К. Маркс, А. Грамши, неопозитивисттер жана башкалар да кайрылышкан. Философиялык адабиятта Тарых жана Логиканын өз ара алакасы проблемасы боюнча төмөнкүдөй абалдар иштелип чыккан. Эгер Тарых жана Логикалык онтологиялык өңүттө карай турган болсок, анда тарыхый объекттин калыптануу жана өнүгүү процесси болуп саналат да, логикалык – объекттин өнүгүшүнүн логикасы, тарыхый өнүгүүнүн, ойдун кыймылынын натыйжасы, өнүгүп жаткан объекттин теориялык элеси катары түшүндүрүлөт. Мында Тарых жана Логиканын куралган биримдиги жөн гана дал келишүү катары эмес, диалектикалык биримдик болуп саналат.

Тарых жана Логикада катар жүрүшөт, бирин бири шарттайт жана четке кагат. Тарых жана Логиканын изилдөөнүн гносеологиялык өңүтү да бар. Мында Тарых жана Логиканын илимий таануунун эки методу катары каралат. Таануунун тарыхый методу өнүгүү процессинде чечүүчү роль ойногон нерсенин белгилүү бир формаларынын өзгөрүү удаалаштыгын ачып жана бир форманын экинчи формага өтүшүн көрсөтүп берет. Тарыхый метод өз ара тыгыз байланышкан төмөнкүдөй эки жактан турат:

1) жалпы мүнөздөгү процесстерди изилдейт, көрүнүштөрдүн конкреттүү формаларын абстракциялоо аркылуу өтө жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү иликтейт,

2) өнүгүүнүн айрым этаптарындагы предметтердин өзгөчөлүктөрүн жана «кокустуктарды» анализдейт.

Логикалык метод мамилелер системасы калыптанган, элементтери башка элементтер менен ички биримдикти түзгөн, ошол эле учурда статика абалында, туруктуу кубулуш деп шарттуу эсептелген нерсени гана изилдейт.

Ошол эле учурда логикалык методдун өзү да төмөнкүдөй эки этаптан турат:

1) нерсенин структуралары жана белгилүү бир сапаттык биримдигинин калыптанышы менен байланышкан логикалыктын пайда болушу,

2) толук калыптанган, зарыл болгон структурасы өнүккөн жана сапаттык жаңы бүтүндүккө карай өзгөрүүгө даяр турган нерсе. Тарых жана Логиканын өз ара алакасын таануу процессинин натыйжаларынын таануунун тарыхый өнүгүшү менен айкалышы катары кароого болот.

Мисалы, кең мааниде каалагандай илим тарыхый жана логикалыктын суммардык биримдиги болуп саналат. Мында тарыхый нерсе катары гипотезалуу, проблемалуу же нормативдүү, конкреттүү илимди, ал эми логикалык катары жалпы илимдерден абстракциялоо жолу менен алынган жана таануунун прогрессинин жүрүшүндө калыптанган чындыктын элементи аркылуу детерминирленген илимдин бекем ядросун (өзөгүн) түшүнүүгө болот.

Тарых жана Логиканын байланышы изилденип жаткан объекттин өнүгүү процессинде кездешүүчү секириктерден, жаңы сапатка өтүүдөн да көрүнөт. Таза логикалык жол менен баштапкы категориядан кийинкисин алуу мүмкүн эмес, ал эми конкреттүү тарыхый материал чыныгы картинаны берет да, анализдеги жаңы деңгээлге өтүүнүн мүмкүндүгүн жана зарылчылыгын пайда кылат. Тарых жана Логиканын өз ара байланышы логикалуу өнүккөн нерсе өздүк тарыхка ээ экендиги менен да шартталат. Өнүгүүнүн жүрүшүндө каалагандай система бардык эле элементтер менен процесстерди эмес, өзү үчүн зарыл жана керек болуп саналган, өзү тууралуу жалпы түшүнүктөрдү жараткан элементтер менен процесстерди гана сактап калат. Анын үстүнө өнүгүүнүн жүрүшүндө белгилүү бир кубулуштар менен процесстердин реалдуу мааниси күчөйт же начарлайт да, системанын иштөөсүнүн алгачкы этаптарында калыптана баштаган өнүгүүнүн тенденциясын так аныктоого мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошол себептен Тарых жана Логиканын диалектикасы нерсенин сандык жана сапаттык аныктамалары менен тыгыз байланышкан. Ошол себептен нерсе бышып жетилмейинче анын айрым элементтери сапаттык эмес, сандык жактан гана түшүнүлүшү мүмкүн. Тарых жана Логиканын диалектикасы мурдагы тарыхый окуянын кийинкисине жана тескерисинче, шарттын шарттуулукка, себептин натыйжага, жөнөкөйдүн татаалга өтүүсүнөн да байкалат. Конкреттүү тарыхый принциби каралып жаткан нерсенин чыныгы тарыхы башталган пункту объективдүү түрдө тактоону милдеттендирет.

Тарых жана Логиканын аналогу катары генезис менен структураны, жалпы менен жекени, бүтүн менен бөлүктү, форма менен мазмунду жана башка атоого болот.

2016-08-10 102 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10