Тарсакент кыштагы - 13-кылымдын 2-жарымы –14-кылымдын 1-жарымына таандык кыштак. Тарсакент «христиандардын кыштагы» дегенди түшүндүргөн. Кыштак тууралуу алгачкы маалыматтар Рашид ад-Диндин «Жами ат-таварих» («Тарыхтар жыйынагы») эмгегинде эскерилет. Тарсакенттин орду Бишкектин түштүк-чыгышындагы Каражыгач айлына жакын жерде жайгашкан. Тарсакентте Алдыңкы Азиядан келген кечилдер жана несториан динин туткан жергиликтүү түрк уруулар жашаган. Алар жергиликтүү калк арасында сириялык маданиятты, тилди, жазууну жана христианчылыкты таратышкан.