Тар суу


Тар – Сырдарыянын алабындагы суу. Узундугу 192 км, куралуу аянты 4420чарчы/чакырым. Кара-Кулжа районунун аймагы аркылуу агат. Фергана тоо кыркасынын түштүк-батыш жана Алайкуу кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Алайкуу жана Карабел сууларынын кошулушунан пайда болот. Каракулжа менен кошулуп, Кара дарыяны түзөт. Ортоңку агымында майда өрөөнд өр жана терең (1–2 км), кууш капчыгайлар, төмөнкү бөлүгү Алайкуу өрөөнү менен агат. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 175 чарчы/чакырым болгон 10 көл бар. Эң ириси Чоң Кулун көлү (узундугу 4,6км, туурасы 0,7 км, аянты 1,58 чарчы/чакырым). Жылдык орточо чыгымы45,7м3/сек, эң чоң чыгымы июнь–июлда (214 м3 /сек),азы январь–февралда(8,9 м3/сек) байкалат. Апрелде кире баштап, октябрда тартылат. Негизинен сугатка пайдаланылат. Жээгинде Сидоров, Алай куу, Кызылжар, Кара кулжа кыштагы жайгашкан.

2016-08-10 83 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10