Тap


Тap, Тхар – Индия менен Пакистандагы чөлдүү жана жарым чөлдүү аймак. Инд дарыясынын төмөнкү агымынын сол жээгин бойлой 850 кмге созулуп жатат. Аянты 300 мин чарчы/чакырым. Бийиктиги 100–200 м. Сейрек өсүмдүк менен капталган кум жалчалар, бархандар, дюналар, сапырылма кумдуу аймактар мүнөздүү. Оён жерлеринде шор, такыр, туздуу көлдөр кездешет. Климаты тропиктик муссондук. Жаан-чачындын саны 200 ммден (батышта) 900 ммге чейин (чыгышта). Май-июнь айларында абанын температурасы 50°Сге жетет. Чаңдуу шамалдар болуп турат. Сейрек бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жайытта багылуучу мал чарбасы, оазистер менен Инд дарыясынын өрөөнүндө сугат дыйканчылыгы өнүккөн.

2016-08-10 52 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10