Танк Максим


Танк Максим чын аты-жөнү – Евгений Иванович Скурко) (17. 9. 1912, Минск областы, Мядель району, Пильковщина кыштагы – 1992, ошол эле жер – белорус акыны, Беларус ССР эл акыны (1966), Беларус ССР Илимдер академиясынын академиги (1972), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). «Өмүр белестери» (1936), «Клюква гүлү», «Нарочь» (экөө тең – 1937), «Мачтанын алдында» (1938) деген чыгармаларында эл-жеринин боштондук күрөшү сүрөттөлөт. Согуш жылдары «Янук Силиба» (1943) поэмасын, «Куралдарды кайрагыла», «Өрт мунарыктарын аралап» (экөө тең – 1945) ыр жыйнактарын жараткан. «Билишсин деп» (1948), «Чагылган изи» (1957), «Бир ууртам суу» (1964), «Жарык болот» (1972), «Нарочан карагайлары» (1977), «Ave Мария» (1980) ж. б. лирикалык ыр жыйнактары бар. Танктын поэзиясы көтөрүңкү романтикалык маанайдын жана реалдуулукка жуурулушу менен өзгөчөлөнөт. Сталиндик (1948), Лениндик (1978), СССР мамлекеттик сыйлыктарынын (1948) лауреаты.

2016-08-10 60 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10