Суу


Бабаларыбыз: «Суу - мал-жандын, адамдын өмүрүн тазалайт» дешип ыйык көрүшкөн. Бул жөнүндө элибизде берегидей накыл айтылат:

«Суу атасы - булак
Суу, кудукка сыйын, булгаба.
Жер - казына, суу - алтын.
Булактын көзүн ач.
Суу башынан тунат.
Суу жашоонун булагы.
Суулуу жер - бейиштин төрү.
Тамчы суу - өмүр азыгы.
Суу сыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор.
Агын сууну сабаба.
Аккан сууга түкүрбө,
Жаман түшүңдү сууга айт,
Суу менен агып кетсин».
Байыртадан берки акылман ырчылар «Аккан суу» жөнүндө ою терең ыр чыгарганы жөн эместир.
Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 7384, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11