Строфа

Строфа – (гр. – айлана), к у п л е т, ы р т ү р м ө г ү – эки же андан ашык ыр саптарынын уйкаштыкка же интонацияга жана мааниге негизделген биримдиги.

Строфанын маанисин К. Рысалиев төмөнкүдөй белгилеп берет: «Строфа, биринчиден, ыр жолдорунун белгилүү бир маани берүүчү топторго биригишин жана ал топтордун белгилүү бир интонациялык ыкмада окулушун талап кылат. Экинчиден, строфа ыр жолдорун өз ичине белгилүү уйкаштык системасында жайгаштырып, белгилүү тартипте кезектешип, кайталанып, ритмдин, так, даана кабыл алынышына шарт түзөт. Демек, строфа дегенибиз ыр жолдорунун белгилүү уйкаштык ыкмасында бири-бирине тыгыз айкалышып, чырмалышып, интонациялык жана ритмдик жактан бир бүтүндүктү билдирүүчү көрүнүш".

Ыр саптарынын санына карай строфалар ар кыл болот:

Мындай строфалардын бир тобу кыргыз ырларында колдонулуп жүрөт. Мисалы,

«Манас» эпосунун строфалык түзүлүшү да кыргыз ырларынын строфалык өзгөчөлүгүнө дал келгени менен эпостун оозеки жашашына, айтуучунун эпосту аткаруу мезгилиндеги психологиялык абалына, окуяларды көркөм баяндоо өзгөчөлүгүнө, чыгарманын обондуулугуна ылайык татаал строфалык түзүлүштөр келип чыккан. Эпостун строфаларын кээде эрежеге баш ийдириш да кыйын, алардын түзүлүшүндө эпостун өзгөчөлүктөрү менен шартталган стихиялуулук да бар. Дүйнөлүк адабиятта строфа негизинен эки саптан он алты сапка чейинки ыр жолдорунан куралса, «Манаста» алтымыш саптан ашкан строфалар да бар.

Тексттин синтаксистик түзүлүшүндө сүйлөмдөр кандай кызмат аткарса, тексттин ритмикалык түзүлүшүндө строфа ошондой эле роль ойнойт. Cтрофа синтаксистик жактан ыр жолдорунун белгилүү бир бүтүмүн түзөт да, ал көтөрүңкү интонация менен башталып, строфанын соңуна жеткенде акырында үндүн илеби, деми, интонациясы бастайт. Ошондуктан, «Манастын» строфалык түзүлүшүн аныктоо китептен эмес «Манас» аткарылып жаткан учурда ишке ашырылса тагыраак болот. Себеби, строфалык курулушу биринчи кезекте айтуучунун темпине байланыштуу. «Манастын» строфалык түзүлүшү жөнүндө алгачкылардан болуп пикир айткан П. Фалев эпостун текстинин үзүндүсүнүн строфалык түзүлүшүн талдап андагы строфалардын өз алдынча өзгөчөлүгүн белгилеп, айрым строфикалык формалардын түрк элдеринин поэтикасында кездешпей турганын белгилеген.

Дүйнөлүк поэтикалык чыгармаларда строфалык туруктуу түзүлүштөгү өзгөрүлбөс формадагы ырлар бар. Он төрт ыр жолунан туруп,

а — б — а — б — в — в — г — г — д — е—е — д — ж — ж — схемасында уйкашып, куплет түзүлүүчү онегиндик же чыгыштын классикалык поэзиясындагы

а — а — а — б, б — б — б — в, в — в — в — а, г — г — г — а сыяктуу схемада уйкашкан төрт саптан турган мурабба формасы «Манас» эпосунун строфалык түзүлүшү анын оозеки айтылышына, көп варианттуулугуна, төкмөчүлүк өнөргө негизделишине, өзүнчө обондуулугуна, айтуучунун куюлуштуруу. созуу, ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу өтө ар түрдүү жана дайыма туруктуу эмес. Эпостун айрым строфалык түзүлүштөрү:

1. Эки жолдуу строфа (а — а)

Кош (же жуп) уйкаштан турган эки жолдуу С-ны көбүнчө бир окуядан экинчисине өтөрдө же бир баян тамам болгондо колдонулат.

2. үч жолдуу cтрофа

Эпостогу үч жолдуу С. а — а — а, а — б — а, а — а — б тибинде уйкашат да, текстте өтө сейрек учурайт.

3. Төрт жолдуу строфа

Дүйнөлүк адабиятта өтө көп учураган мындай төрт жолдуу С-лар «Манаста» сейрек кезигет да көбүнчө а — а — б — а, а — б — а — б, а — а — а — а, а — б — а — а, а — а — б — б формаларында уйкашат.

4. Беш жолдуу строфа

Бул cтрофада биринчи, экинчи жана үчүнчү, бешинчи саптар уйкашып, төртүнчү сап уйкашпай калууда.

5. Алты жолдуу строфа

6. Жети жолдуу cтрофа

7. Сегиз жолдуу строфа

жана башкалар «Манастын» ыр түзүлүшүндө эки саптан тартып алтымыштан ашык саптан турган строфа да бар. Эпостон дээрлик ар бир строфалык түзүлүшкө, уйкаштын строфа түзгөн ар кандай формаларын табууга болот. «Манас» эпосунун дагы уникалдуу жагы ушунда.

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)