Шабдан баатыр


Шабдан баатырШабдан баатыр. Кокон хандыгы кыргыздарды караткандан кийин, кыргыздар козголуп, каршы чыкпасын деп, айрым таасирлуу манаптардын балдарын кокондуктардын ордосуна алып, ордодо болуучу оюн-зоокторго, кабыл алууга катыштырып турган. Аларды бир-эки жылда ишке уйротуп, ханга жаккан жигиттерди шаарга бек кылып жиберген. Кокондогу ордодо 1860-жылдары кыргыздардын жигиттеринен тортоо болгон.



Алардын биринчиси алайлык адигине уруусунан чыккан Алымбек, экинчиси сарбагыш уруусунан Шабдан, учунчусу солто уруусунан Байсейит, тортунчусу бугу уруусунан чыккан Кыдыр болгон. Булардын ичинен Шабдан Кудаяр ханга жагып калып, Азрет-Султанга (Туркстан) бек катары шайланат. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен Чуйдо калган. Шабдандын атасы Жантай баатыр 1795—1868-жылдары жашап, Чуй ороонун бийлеген хан болгон.



Чуй ороонундогу кыргыздар менен Россиянын ортосундагы достук мамиленин тузулушундо Шабдан баатырдын ролу чон. Шабдан орустардын Нарынга, Ат-Башыга, Ферганага жиберилген экспедицияларына катышып, ал экспедициялар кан тогулбой, тынчтык жолдору менен аяктайт. Мындай тынч мамиле кыргыз элине да, падыша бийлигине да пайдалуу болгон. Ошондуктан орус бийлиги бул аракеттерди баалап, бир нече ирет ага сыйлык ыйгарган.



Орус бийлиги кыргыз жеринде орногондон кийин да, Шабдан чыр-чатак чыккан жерге барып, аларды элдештирип, жанжалдарды басып турган. 1883-жылы Шабдан Жети-Суу облусундагы кыргыз элинин окулу катары орус падышасынын тактыга отурганын белгилоого барат (коронование Александра III). Ал жерден Шабдан «войсковая милициянын улугу» деген чин алат. Ал чин аскер энциклопедиясында «войсковой старшина» деген чин менен барабар.
2016-05-23 543 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23