Сайма, саймачы жана саймачылык


Сайма (кеште) — кандайдыр бир заттын (нерсенин) сөлөкөтүнө окшош, уйкаш элементтерин (көчөттөрүн) кездеменин, теринин, кийиздин, таардын жана башкалардын бетине ырааттуулук, ыргактуулук менен кайталанган кооздук. Ал оюм-чийим, сайма, курак, түрдөн турат. Саймачы — жердикке көчөттөрдү (кештени) түшүрүүчү уз. Саймачылык — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Эл ичиндеги кездешүүчү адими буюмдарындагы формасы ар кандай, мазмуну терең сайма көчөттөрү бүгүн да көөнөрбөй, чеберлердин чыныгы узундугу жана ашкере таланттуулугун дааналап көрсөтөт. «Энени көрүп, кыз өсөт. Эжени көрүп сиңди өсөт» — дегендей, кыз бала тестиер чагынан тартып жалаң сайма саюу менен алектенүүчү.

Бул — тоолуу калкыбыздын турмушунун элестүү белгилеринин бири. Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө негизги орунду ээлеген саймачылыктын өнүгүшүнүн өтө мерчемдүүсү өткөн кылымдарга өзгөчө таандык. Ал эми жыйырманчы кылымдын башынан тартып элибизде саймачылык өнөрү андан бетер кеңири кулач жаят. Элдик өнөрдүн берки көркөм түрлөрүндөй эле саймачылык да элибиздин көчмөңдүү турмуш-тиричилигин, кесибин, калк мүдөөсүн жан дилинен чагылдырып келет. Саймачылыктын элдик санжыргалуу салты абалы — боз үйдүн ичи-сыртын кооздоодо жаралганы чындык. Ал кийиз оюму, чий чырмагы, таар термелери, килем көчөттөрү, тор чачыктары менен кошо боз үйгө улуттук өз алдынчалыкты тартуулап турган. Бул өнөр аркылуу боз үйдүн «эшик тышы» кооздолгон. «Ашкана башын» саймалоо-кештелөө, элибизде адатка айланган.

Жүк жыюуда тактанын үстүндө «алтыгат» коюп, андан өңдөштүрүп жууркандар кертимделип жыйылат. Анан «жаздыктын» (балыштын) чети, ортосу саймаланган. Айрым аймакта боз үйдүн «жабык башы» кездемеден болот. Бир кездерде боз үйдүн керегесине жалаң кийиз тартылган. Андыктан үй ичи жылуу, ары таза турган.

Анан мындан кийиз бети аста-секин кооздоо жышааны башталат. Төтөн, жүндөн анан кебезден ийрилген жипке дүйүм өсүмдүктөрдүн тамыры менен жалбырагынан колго жасалган боекту сиңирип, башкаларына караганда алгач ак кийиз бетин саймалоо өңдүү жупуну аракеттери бара-бара талапка ылайыкташкан. Сайма өнөрү оболу ушул туш кийиз бетинен көрүнгөн. Андан кийин уздар жалаң кийизге эле эмес соккон таардын, ийлеп өңдөлгөн теринин (жаргак) беттерин да кештелеп саймалашат. Боз үйдүн керегесине кыдырата илинип, саймасы аркылуу кооздукка-кооздук жалгаган: «Күзгү кап» да, «кайчы кап» да, «самын кап» да, «текче» («секиче») жана ушул өңдүү буюм - жасалгалары кийизден, териден, таардан басымдуу болуп келген.

Илгерки элдик салттарыбызда, наркыбызда каркырадай калың көчтү баштоочу, үлпөт менен күйөөгө аттануучу бийкечтердин ат үстү саймаланган «үртүк», «тердик», «көрпөчө» өңдүүлөр болот. «Көшөгө», «кеп такыя», «белдемчи», «кемсел», «элечек» мындан сырткары күлгүн жигиттердин адими кийимдери да түрдүү саймалар менен кештеленген. Кыргыздар Орто Азиянын боордош элдери менен тыгыз байланышта өнүккөнү, алардын таасири менен фабриканын жиби менен элдик көчөттөрдү көркөмдөп түшүрүүгө өтөт. Саймачылык өнөрүн иштетүүнүн баалуу жердиги эми баркут, нооту, манат өңдүү бышык кездемелер болуп калат. Өлкөдө совет бийлиги орной, калкыбыз отурукташа баштагандан улам саймачылык өнөрү өзүнүн милдетин бир кыйла кеңейтти. Боз үйдүн ичин-сыртын жасалгалоодогу уздардын айрым жогорудагы кооздуктары менен күтүүсүз жаңы шартта үйдүн жасалгалоо жагдайына байланыштуу өзгөрүүлөр кирип, уздар «керебетке тарткыч», «кийим жапкыч», «сүлгү», «эшик пардоо», «терезе пардоо», «бет аарчы» сыяктуу буюмдарды ак полотнойго (ак сурп) «ийне сайма» ыкмасы аркылуу ар кандай чөптөрдүн (гүлдүн) формаларын бажырайта бере башташты. Мында орус, украин, белорус элдеринин сайма ыргактарынын мыкты үлгүлөрү арбын учурайт.

Кыргыз саймаларынын өңүнүн ачыктыгы жана кооздугу, көп кырдуулугу аркылуу ойдогудай баркталат. Мындай биз кесе айтып жаткан көрүнүштү, баарыдан мурда, тектеш тилдердеги жана канатташ жашаган бир тууган элдердин сайма көчөттөрүнүн өтө окшошун, ич ара жуурулушуп жана жупташып кеткенинен баамдайбыз. «Ирис жип болсо, укмуштай туш кийиздерди сайып таштаар элем» дешет. Азыр болгар саймасына жаштар жапырт аттанышууда. Өзүбүздүн жашоо - тиричилигибизди символ аркылуу түшүндүргөн кыргыз саймаларынын табиятына ал такыр коошпойт. Мында жашыл өң үстөмдүк кылып, үйдүн, гүлдүн, куштун, айбанаттардын сүрөттөрүн көркөм көчөт ордуна түшүрүүлөрү кыргыз баласына серт көрүнөт да, асылдуулукту алып сүйүү сезимин козгой албайт. Өнөр тарыхында кийиз саймачылыктын жердиги болгон.

(Туш кийиз — үйдүн жылуулугу үчүн тушка тартылган. Анан анын бети акырындык менен саймаланган.) Өңдөлгөн жана кол боекко боелгон жаргак териге, бир өңчөй күзүктөлүп согулган таарга сайма саюу салттуулугун өзүнчө өздөштүрүү менен бүгүн жаңы шартта калыбына келтирүүгө, унутулган түрүн кайра жаратууга, аны жаңыча өнүктүрүүгө бел байлаган уздардын изденүүлөрү өз жемишин берүүдө. Ал изденүүлөрүнүн негизги саймачылыктын жаңычылыгына (новатору) барып такалат. Деп айтканыбыз буюм-тайымдарда түп - тамырынан бери саймачылыктын өзүнө таандык жолу, аны кармоо ыкмасы пайда болууда.

Алар азыр бул өнөрдүн элдик салттуулугун жана профессионалдуулугун бири-бирине тутумдаштыра алып барышууда. Демек, буюмдарга түшүрүлгөн четтик жана ортолук көчөттөрү килемге, чийге, таарга берилгендей шарттуу көрүнөт. Мында эки көчөттүн ич ара катышынын мыйзамченемдүүлүгүн кылдат туюнтуп, сайманын көркөм көчөтүнүн «суусу» толкундалып, төө өркөчтөнүп, кош сызыктанып, шакекчеленип, өзүнчө түрдөн-түр чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Кээде шибеге ичке, жиби жоон болуп калышы да мүмкүн. Уздук чынында көчөттү таңдайлаштырып саюудан билинет, ошондо чийим боюнча жиптүү шибеге бир айланып чыгып, кайра ошол из аркылуу сайылуусу керек. Жердикке түшкөн сайма кайберен сонуркап оттой турган кумай чөбүнө окшошот. Ал кандайдыр эшилип, чыйратылган жип сыяктуу таңдайлаша түшүп, өзүнчө кооздук ыроолойт. Көп жылдар урунулуп, жердиги таптакыр эскирип, өңү өчкөн сайын саймасы жүзүнө чыга келет. Антип таңдайлаштырып сайып берүү менен катар боекторун күрөңдөтүп жана көгүштөнтүп, коңур түр түшүрүү сайма өнөрүнүн сыйкырдуулугун айкындайт. Биз мындан Ала-Тоонун жыпар желин, дүйүм гүлдөрүн, үлбүрөтүп желпип кетүүчү назиктигин жана жумшактыгын туя алабыз.

Көрүүчүлөр жана сынакейлер үкүнүн солоңдору сымал андай өңдү дал өзүндөй назик жана мээримдүү кабыл алат. Басмырт өң да көчөттөрдүн көркүн өзүнчө шарттуулукка ачат. Ал буюмду өтө эле «ала чакмактатып» жибербейт. «Ала чакмактатуу» — саймачылыкта ак, сары жипти арбын колдонуу. Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүнүн табиятында бул «күтүүсүз чакыйбай», андай касиет буюмда басмырттыкты, коңурдукту сылыктыкты жана муңайымдуулукту сездирип, тилектештикти, жүрөктөштүктү, айгинелеп турат. Арийне, өнөр да элибиздин мүнөзүн, улуттук бөтөнчөлүктөрүн аныктайт. Анткени, карапайымдыкты, коңурдукту, жоомарттыкты, меймандостукту, кичипейилдүүлүктү, басмырттыкты ала тоолуктардын табиятына жазган. Бул пейилибизди башкаларга түк алмаштыра албайбыз.

Саймаларда совет доорундагы кыргыз элинин адамзат таң каларлык гүлдөөсү чагылдырат. Себеби, көрүүчүлөргө таңкы кызгалдактай нооматы келип, жетилип тургандай турмуш элестетилет. Көркөм көчөт аркылуу элибиздин үрп-адатын, пейилин, дилин, жана сезими көрүнүп турат. Көрүүчүлөргө кызгалдактай жалындап тургандай туюлат. Албетте, бул уздардын таалайы болуп саналат. Саймачылыктын да адамзат менен тагдырлаш узак өмүр жолу бар. Анын өздүк тажрыйбасы аркылуу акырындык менен түзүп, чогултуп, сарамжалдап алган тактыгы жана тазалыгы билинет. Ошол көркөм буюмдун үлгүсүнө канча бир чеберлердин көз нуру, көкүрөк мээри, акыл табы сиңирилип, жасалга колдонмо өнөрүнүн кайталангыс салттуулугу жаралган.

Бүгүн жана эртең ушундай өнөрдүн элдик түрүн сактап калуу, анын унутулганын кайра калыбына келтирүү, жагымдуу жактарын талаптагыдай жандандыруу милдеттери күн тартибинде турат. Элдик саймачылыктын дагы дааналанган касиетинин бири — алардын түстөр менен чебер иштеши. Демек, кызыл, көк, жашыл жана башка түстөр өз ара чеберчиликте айкалышып, буюмдардын ажарын ачып турат. Мында биринин өңүн экинчиси басып кеткен түстөр эч качан жанаша колдонулбайт. Дагы бир өзгөчөлүк — буюмдун көлөмүн сезе билүү. Жасалып жаткан буюмдун жалпы аянты менен сайма көчөттөрүнүн көлөмүнүн ич ара катышы туура чечилет.

Буюмдун көлөмү менен ага түшкөн көркөм көчөттөрдүн өзүнчө мыйзамченемдүү байланышы бар. Эгер сайма көчөттөрү чоң-чоң түшсө, буюмдун бетинен бери чыгып кетет. Тескерисинче, кичине сайылса, жердиктин бетине жутулуп, анча билинбей калат. Бүгүн саймадагы жаңычылдык жердикке жана боекко байланышат. Буюм - тайымдардын жөнөкөйлүгү, жупунулугу сындан өтөт. Түс, өң буюм-тайымдын ажарын ачат.

Сайма үлгүлөрүнө түшкөн «мүйүз», «кыргак», «жарым кыял», «бармак боочу», «гүл» оюм-көчөттөрүнүн ич ара жупталышында ак — өңдөр ала чакмактантпайт, күрөң, кара түс «күңүрттөтпөйт», сары өң өзүнө калган түстөрдү оодарып албайт, көк кызыл түстөр илбериңки келип, уздардын өзүндөй коңурдукту, сылыктыкты, адептүүлүктү, ата-эне салттарын баамдатат. Андай узчулукта жаралган нускалар мамлекеттик сүрөт, тарых музейлеринде турат. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмелеринин буюм-тайымдары менен чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө такай катышууда. Кыргыз саймасынын жана бир бөтөнчөлүгү — анын бышыктыгы. Анткени ал тыгыз сайылат. Чоң энелерибиздин, тайэнелерибиздин, энелерибиздин качандыр бир кармаган саймалары күнү бүгүнкүдөй жаркырап турат. Мында көчөттөрдөн мурда анын жердигинин көөнөргөндүгү, бул — биздин сайманын эң бир салттуулугунун, өмүрүнүн узактыгынын далили. Демек, жогоруда айткандай, алкак кергичти алып, жердикти керип, илме шибегени кармап, түрдүү түстөгү жиптерди тандап, ар кыл көркөм көчөттөрдү тырсылдата сайып адамдын ой-пикирин кылчактай турган кооздукту жаратуу ыкмалары биздин өнөрдүн салттуулугун аныктаган. Мында буюмдун жердиги баркуттан кийизден, териден, таардан, трайкеден, сатинден болот да, ага карата көркөм көчөттөрдүн ич ара айкалыштары түр жиптер аркылуу кереметтенип турган.

Албетте, ар бир аймактын өзүнүн бөтөнчөлүктөрү болот. Ал жер шартына, элинин кесибине, башка улуттардын маданиятынын таасирине ич ара байланышат. Тянь - Шань бөксөлөрүндө, Көл кылаасында, Сары Өзөн Чүйдүн ичинде, анан Талас өрөөнүндө узданган уздар туш кийизди бөтөнчө кастарлап кармоочу. Ал аруу буюмубуз наркка өтүп, аттык баада турган. Деле ушул туш кийиз эле эмес, шырдак, ат жабдык, чыгдан, шалча, килем, зерден кармалган азем жасалгалардын ар бири бирден карага татыган. Ал улам убакыт өткөн сайын уникалдуу чыгарма катары баасы, баркы артылып барууда. Анткени, салттуу нуска кармаган уздардын саны улам барган сайын азайып баратат...

Сайманын көркөм каражаты — көчөт. Сайма аркылуу түшкөн көркөм көчөттөрдө өзүбүз жашаган крайдын жакшынакай элестери символдошот. Муну уздар өзүнүн көркөмдүк табитине, чеберчилик дараметине жараша түрдөн-түр, кооздуктан - кооздук түшүрө алышат. Сайма көчөттөрүндө кийиз оюмдун, чий чырмакчылыктын, өрмөк согуунун жана килем токуунун кооздук түрлөрүнүн ич ара кереметтүү айкалыштары ширелишип кетет. Мында үлгүсү эскирген саймаларга түшкөн көчөттөр кайта табылгыстай сезилет. Азыр жаштарыбыз «болгар саймасына» буга бөтөнчө назар таштап кетүүсүнүн бир жактуу себептери бар. Мында уздар чыгармачылыкта издене албайт. «Крест саймасы» аркылуу элдик саймачылыктын салттуу көркөм көчөттөрү ийкемдүү түшпөйт. Азыркы саймачылар антип кооздук жаратууга анча аракеттенбей, түйшүктүн жеңил тарабына тап коюп жатышканы, акыйкатта, жакшы жышаана эмес.

Эгер ар кыл көркөм өнөрдүн өнүгүү тарыхына көз сала келсек, анда элдердин тарыхый-маданий байланыштардын, бирине-бири жукканын, ич ара байытканын көрүп турабыз. Аны биз бир жагынан колдообуз керек. Маселенин экинчи жагы биз үчүн бөтөнчө маанилүү, ошол жаңыдан кирип «орун-очок» алып жаткан өнөргө ыклас коюп жатып, өзүбүздүн нукура улуттук кыртыштан өнгөн өнөрүбүздү унутуп коюшубуз акыйкатта жакшы жорук эмес. Биз айтып отурган «болгар саймасын» ала турган болсок анын өнүп-өскөн кыртышы Европа элдерине таандык көрүнүш. Жалпы эле ошол региондо жаралган жана жашаган элдердин мейли архитектурасын, мейли жасалга өнөрлөрүн албайлы, аларда «крест ыкмасы», архитектурасында готикалык стиль өкүм сүрөт. Үч бурчтуу бийик чатырчалуу үйлөр — мына ушунун баарынын түпкү тамыры бир кубулушту пайда кылат. Бул ошол региондогу дүйнөнү формалар аркылуу кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрүнүн бири катары карайбыз. Ал эми чыгыш элдеринде, асыресе, биздин оюм-чийимдерибиздин стили көбүнчө символдорго, ой жүгүртүүнүн эпикалык формаларына туура келет.

Ошонун бири бизде сайма өнөрүбүз болуп көрүнөт. Саймачылык — элибиз өзүнүн узак кылымдык жолунда өз тажрыйбасы аркылуу акырындык менен түзүлүп, чогултулуп алган нукура өнөрүбүз. Ошол сайманын үлгүсүнө канча бир уздардын көз нуру, көкүрөк мээри, акыл табы сиңгени байкалат. Ошентип, элдик колдонмо - жасалга өнөрүнүн кайталангыс бир тармагы түзүлгөнүн билебиз. Максат ошол өнөрдүн элдик түрүн сактап калуу жана андан ары жандандыруу, унутулганын кайра калыбына келтирүү жаатында болушу зарыл. Илме сайма аркылуу буюм жаратууда уздун чеберчилиги менен катар үлгү сары сапталат, аябай аяр жасалат да, ал өтө бышык болот. Ошончолук жай бүткөрүлөт да, бул искусствонун тузуна даана татып турат.

Буюмду арыдан-бери бүткөрө коюу ал нукура узчулук, даана чыгармачылык эмес, алаколдуулукту, өнөрдү барктабоочулукту, ага «доо» кетирүүнү билгизет. Азыркы кээ бир саймаларда элдик узчулуктун жоболору сакталбай калып, «эптеп эле бир буюм жасалды» болуп жатышы, албетте, көрүүчүлөрдүн көңүлүн ирээнжитет. Өнөрүбүздүн түпкүлүгүнө шек келтирет. Саймачылык бузулуп, негизинен анын көркөм көчөттөрү этибарга алынбайт. «Болгар саймасы» кыргыздын элдик саймасынын табиятына коошо бербейт. Жалаң «Крестти» — түшүрүү көңүлгө серт көрүнөт. Биз анын улуттук колоритин таба албай жатабыз.

Мында өнөрдүн кооздук каражаты элдик көркөм көчөтүбүздүн түп нускалары көрүнбөйт. Ал эми кутмандуу калкыбыздан чыккан чеге чеберлер андай көркөм көчөттөрдүн түрлөрүнүн санжыргасын айтып, чечмелей алышат. Албетте, саймада түпкүлүктүү кыргыз турмушу чөгөрүлүп жатат. Демек, «болгар саймасында» андай адамдардын илхамын өзүнө имерчиктете ала турган туюнтмаларды берүү биз үчүн байкалбайт. Бул ыкма аркылуу андай көркөмдүктү жаратуунун өзү да кыйындап, буюм беттеринде бир гана сүрөт түшүрүүчүлүк бар. Сайма аркылуу айбанаттардын, чөптөрдүн, гүлдөрдүн, тоолордун, канаттуулардын жана башкалардын сөлөкөттөрүн так өзүндөй берүүлөрү адамды эстетикалык аракет кылып келе да албайт. Тескерисинче, маанайды чөгөрүп, кабыл алуубузду басаңдатып жиберет. Андай кооздукту улуттук татымга келе албай, бөтөн элдин «обонун созуп, чоорун тартып, күүсүн чертип» турганын билип турабыз.

Анткени, кайталап айтсак биздин элдик сайманын тили менен дили — символ. Конкреттүү сүрөттөр менен ошол кереметтүү символдор аркылуу ой жүгүртүүбүздөн жаралат. Сайманын жасалышы жердикке байланышат. Саймачылыкта жердик, ал — буюмдун фону. Азыркы чеберлер сайма үчүн чий баркутту арбын пайдаланып жатышат. Кара жердикке түшүрүлгөн кочкул кызыл, коюу жашыл өңдөр бири - бирине жутулуп кетет да, бөлмөнү ого бетер күңүрттөтүп таштайт. Андай көрүнүштөр ар кандай жасалгалардын жалпы фонуна коошо албайт, кополураак айтканда, «койдон качкан жат эчкидей» өзү эле четтеп турат.

Мындай терс көрүнүштөр көркөм кол өнөрчүлүгүбүздүн өсүшүн басаңдатпай койбойт. Бирок, муну биз салттуу өнөрүбүздөгү убактылуу «агым» катары баалайбыз. Бардык нерсе эскирет, арып ачат, баштапкы нугун өзгөртөт. Өнөр ээси узданат, иштүүлүгүн көрсөтөт. Ушул учурда эле колунан келишинче өз нускасын башкаларга үйрөткөнгө аракет кылып, өз өнөрүн соңкуларга калтыргысы келет. Бул өзүнүн өнөрүн муундан-муунга, ооздон-оозго, колдон-колго жоготпой өткөрүп келген элибиздин табиятындагы касиет, мыкты сапат. Маселенин экинчи бир жагы биз үчүн маанилүү. Демек, анын өнөрүн алып калууга куштар чөйрөнүн өзү болушу шарт... Баарыдан мурда жаштардын өзүлөрү, коомчулуктун кызыгуусу керек.

Аны жан-дилинен колдоо керек. Анткени, азыр көпчүлүк айылдарда уздар бар. Өнөрдү өөрчүтүүгө, жаш муундарга үйрөтүүдө мектептердеги предметтик мугалимдер роль ойнойт. Мында мектеп реформасынын талабына ылайык ар бир улут өзүнүн татымын, жергиликтүү бөтөнчөлүктөрүн бергендей жагдайлар түзүлүүсү зарыл... Анда «чебер колдор клубу», «сайма-оймо ийримдери» бар. Мында элдик саймачылык өнөрү, бул улуттук көркөм өнөрдүн кайталангыс туундусу, түптүү байлыгы экендигин жете сезүүгө мүмкүнчүлүктөр туулат. Салттуу буюмубузду — элдик нусканы, эски даанышман үлгүлөрүбүздү жерүү — «эски», «мунун доору бүттү», «бул өткөндү көксөө», деп, ата-бабанын салтын, үрп - адатын жерүү түпкүлүгү жакшы жорук эместигин турмуш өзү калыстайт. Өкүнүчтүү, мындай жоруктардан улам биз элдик көп нускалардан айрылып отурабыз. Көбүн азыр табылгыс кылып өзгөртүп да жибердик. Түпкү көркөмдүгү эми кайдан табылат, анын орду толбойт. Көпчүлүк чеберлер өз өнөрлөрүн кийинкилерге таштай албай кетишкени абдан аянычтуу.

Ошондуктан эми өнөрдү кайра жаратуучулар — жалындуу жаштар. Саймачылыкты кайрадан калыбына келтирүү үчүн бул өнөр боюнча үйрөнчүктөрдүн өз алдынча мектебин уюштуруубуз керек. Буга «сүрөт», «черчение», «кол эмгеги» сабактарынын мааниси зор. Саймачылыктын салттуу жагдайларында бүгүн талаптагыдай назар таштабоо — сайма өнөрүнүн өнөрүнө балта чабуу. Мында уруя сайма, беш кеште сайма тууралуу сөз болуп жатат. Көбүнчө ак жердикке түшкөн ушундай сайманын түрлөрү азыркы муундар үчүн кандайдыр жаңылыктай, же кереги жоктой сезилиши ыктымал. «Уруя көйнөк этинде, кызыл эндик бетинде».Мында уруя сайма деген түшүнүктү берип турат. Дааналап баяндаганда уруялап саюу — жердик бетине жыш саюу буюмдун эки бетине бирдей көркөмдүк түшүрүү, көчөт келтирүү.

Көркөм кол өнөрчүлүктө бул тарыхтын жандоочусу болуп кыйла кылымдардын сыноосунан өткөн тажрыйбасын, акыл-оюн чагылдырышат. Салттуу буюмдардын көөнөрбөс үлгүлөрүн изилдөө — иликтөө, аны үйрөнүү ал элдин атам - замандан берки ой-санаасын, чыгармачылык мүдөөлөрүн билүүгө жардам берет. «Саркечтеп сайган жоолугуң, Сары санаа кылат жоругуң, Көк кечтеп сайган жоолугуң, Көп санаа кылат жоругуң» (Токтогул). Саркечтеп — «сары кештелеп» деген сөз. Кечте — сайма, мында сары жип менен ак жердикке сайган кооздук түшүндүрүлөт. Көк кечтеп — «көк кештелеп» деген сөз. Мунун түшүндүрмөсү да жогорудагыдай болуп саналат. Айрыкча, саймачылыктан чындыктын үлүшү шайкештенип турат. Анын көркөм көчөттөрүнө өсүмдүктөр, бак-дарактар, алардын жалбырактары, бутактары, сабактары гүлдөрү, чөптөрү, суулары, айбанаттары — мына ушулар ич ара айкалышып, мындан биз эстетикалык ырахат алуу менен өзүбүздүн киндик кан тамган жерибизди түбөлүктүү сүйүү сезимибиз көрүнүп турат.

Буюмга түшкөн кооздуктар өзүнчө табакча (короону) түзүп, бүткөн бойду туюндура турган элес тартуулайт. Улуу чеберлердин жөрөлгөлөрү ошол короо (табакча) эмне үчүн көркөм көчөт менен берилгенин чечмелей алабыз. Анда адамдын жашоо - тиричилигинен бир элес символдошот. Мисалы, күр жайлоо, көк конуш, коңур короо, анда кой, кермеде уй, төштө жылкы, суу боюнча желе, алаңда топоз... Чеберлер мына ушул кыргыздын жайкы мелт-калт турмушун уздук кол аркылуу өзүлөрүнүн буюмдарына чөгөрөт.

2016-05-20 1837 Кол өнөрчүлүк Жыргалбекова С. 2016-05-20