«Кыргыз тилим өнүксүн» сынагына катышыңыз! (2-сынак)

Саякбай Каралаев тууралуу маалымат


Саякбай Каралаев(1894, Тоң району, Ак-Өлөң айылы -1971, Бишкек ш.) - залкар манасчы. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Болочок манасчынын атасы жана чоң атасы кедей, момун адам болгон. Оокаттары оңдуу өтпөгөндөн Ак-Өлөңдөн Жети-Өгүзгө көчүп барышкан. Саякбайдын балалык чагы ушул жерде өтөт. 12 жашынан бай-манаптарга жалчы жүргөн. Ал жерде жүргөндө деле жарыбаганынан, 1912-жылы кайра өз жерине - Семиз-Белге көчүп келишет. Замандаш айылдаштарынын эскерүүлөрүндө Саякбайдын "Манас" айтууга аракет кыла баштоосу ушул жылдарга туура келет. Семиз-Белге келгенден кийин эл алдында Манас айтууга далалаттанып, бирок эркин кете албай туталанып, психологиялык түйшөлүү абалында жүрөт.

Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна чоң энеси Дакиш түрткү болгон; чоң энеси Саякбайдын эскерүүсүнө караганда ыр, жомокко шыктуу киши экен. Саякбай Манастын кара сөз түрүндө баядалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан. Манасчынын ички таланты элдик казына менен акырындап жуурулушуп олтурган. 1916-жылы кыргыз элинин боштондук көтөрүлүшү чыгып, ал үй-бүлөсү менен бирге үрккөн эл менен кошо Кашкар тарапка качышкан, бирок унаалары начар болгондуктан узак бара алышпай Сары-Жаздын Көөлүсүндө калышат. Саякбай 1918—21-жылы Кызыл Армиянын катарында Кеңеш бийлиги үчүн Сибирде, Алматыда, Бухарада, Ашхабадда актарга, басмачыларга каршы салгылаштарга катышкан.

1921—31-жылы Караколго жакын жердеги Маман, Ырдык айылдык кеңештеринде төрага болуп иштейт. 1930-жылы Бишкек шаарына чакырылып, коомчулук тарабынан таланты жогору бааланат. Ал Манасты эл алдында толук түрүндө 1925-жылдан айта баштаган, 1935—54-жылы филармонияда иштеп, негизги репертуарын Манас айтуу түзгөн. Саякбайдан жазып алынган Манастын (үч бөлүгү тең) тексти 500553 сап ырдан турат да, колдо бар варианттардын эң көлөмдүүсү болуп эсептелет. Элдик мурасты терең өздөштүрүүдөн жана зор чыгармачылык шыктын күчүнөн жаралган бул вариант Манастын жазылган варианттарынын толугу жана мыктыларынын бири.

Саякбайдын варианты Манастын салттуу окуяларын толук камтыганы, бай мазмуну, элдик терең идеясы, эң жогорку көркөм деңгээли менен өзгөчөлөнүп турат. Саякбай Манастын белгилүү окуяларын үйрөнүп алып, жөн гана кайталап айтуу менен чектелбей, анын мазмунун кеңейтип, көркөмүн арттырган чоң манасчы катары белгилүү. Анын вариантында башка варианттарга жакын, окшош, салттуу белгилер менен катар эле манасчынын өз табылгасына, көз карашына, чыгармачылык дараметине, шыгына байланышкан көрүнүштөр арбын. Саякбайдан жазылып алынган Манас эпосу 1984-91-жылы 5 том болуп басылып чыкты. Саякбай Манасты өтө көркөм жана чебер айтып, аны өзүнчө бир керемет деңгээлге жеткизген. Ал өтө шыктанып, жан дүйнөсүн абдан эргитип, эпостогу окуялардын жүрүшүнө ылайык кайгы-капага, убайымга терең батып, же көксөп куса болуп, андан удаа эле бүт турпаты менен кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү, эрдикти көз алдыңа тартып, кайра туруп, ойго батып, же күлкү менен ыйды орошон агыткан. Ал Манас менен катар эле кенже эпосторду айткан. Бирок ал алды менен атактуу манасчы катары белгилүү.

Манасты изилдегендердин көбү анын өнөрүн, талантын, аткаруу чеберчилигин өтө жогору баалап, аны "20 кылымдын Гомери" деп аташат. Саякбайдын аткаруу чеберчилиги, жаркын образы Манасчы аттуу документ фильмде (режиссеру Б. Шамшиев) таасын чагылдырылган. Граниттен жасалган бюсту Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдына тургузулган (автору Т. Садыков). Анын образы белгилүү сүрөтчү С. Чокморов тарткан "Саякбай Каралаев" аттуу портретте чебер ачылган. Саякбайдын ысмы менен мектеп, көчө жана башкалар аталган.

2016-05-27 836 Биографиялар Жыргалбекова С. 2019-08-27