Пневмония же өпкөнүн сезгениши


Пневмония же өпкөнүн сезгениши (байыркы грекче πνευμονία — «өпкөнүн оорусу», байыркы грекче πνεύμων — «жеңил» сөзүнөн) — негизинен инфекциядан келип чыккан, көбүнчө альвеолдорду жабыркатуу менен (андагы сезгенүү экссудациянын [экссудация — сезгенген тканга сюук кандын кан-тамыр дубалчалары аркылуу чыгуусу] өнүгүшү менен) коштолгон өпкө ткандарынын сезгениши.

Мазмуну
Пневмония
Пневмония, иллюстрация
Эл аралык оорулар классификациясында (ЭОК)
ЭОК-11CA40
ЭОК-10J12, J13, J14, J15, J16, J17, J18, P23
ЭОК-9480-486, 770.0
ЭОК-9-КМ483.8, 486, 484.8 жана 483
DiseasesDB10166
MedlinePlus000145
eMedicinetopic list
MeSHD011014

Инфекциялардан келип чыккан пневмония, өпкөгө таасирин тийгизүүчү курч респиратордук инфекциянын формасы. Пневмониянын негизги козгогучтары бактериялар жана вирустар, сейрек учурда микоплазма, грибоктор жана мителер козгойт. Пневмонияда кандын аба менен каныгуусуна тоскоолдук жаралат.

«Пневмония» термини өзүнүн этиологиясына, патогенезине, клиникалык сүрөттөлүшүнө, рентгенологиялык белгилерине, лабораториялык изилдөөлөрдүн мүнөздүү маалыматтарына жана терапиянын өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон оорулардын чоң тобун бириктирет. Жалпы учурда пневмониялар микробдук (бактериялар, вирустар, жөнөкөйлөр), токсиндик, аллергиялык, аутоиммундук, күйүктүк, нур этиологиялуу болот.

Пневмониянын так аныктамасынын жоктугу көйгөйдү жаратат, медициналык адабияттарда «пневмония» жана «пневмонит» терминдери инфекцияга байланышы жок абалдарга таандык болгон ар башка диагностикалык терминдерде колдонулат, ошондой эле, белгисиз себептерден пайда болгон абалдарда дагы пайдаланылат, бирок, пневмонияны курч инфекция аныктамасы катары колдонуу жакшыраак болмок, ошого карабастан, аныктама консенсусу азырынча жок. Фактылык жактан пневмонит термини өпкөнүн сезгенишин белгилөө үчүн жалпы термин, бирок, ага өпкө ткандарынын инфекциялык эмес сезгенүү процесстерин таандык кылуу кабыл алынган. Альвеолдордун инфекциялык эмес жабыркашында аларды альвеолит деп аташат. Ушундай асептикалык сезгенүү процесстеринин артынан бактериалдык, вирус-бактериалдык же грибоктук пневмониянын кайталап өнүгүүсү сейрек эмес. «Пневмонит» жана «пневмония» терминдери синонимдүү келсе да, заманбап терминологияда инфекциялык эмес учурларды пневмонитке, ал эми өпкөнүн сезгенүүсүнүн инфекциондук формаларын пневмонияга таандык кылуу кабыл алынган. Идиопатиялык интерстициалдык пневмония өзүнчө класстагы оору болуп, фиброз деп мүнөздөлүп, этиологиясы жок.

Негизги диагностика ыкмаларына өпкөнү рентгенологиялык изилдөө жана какырыкты изилдөө кирет, негизги даарылоо ыкмасы — антибактериалдык терапия. Диагностиканы кечеңдетүү жана антибактериалдык терапияны баштоону созуктуруу, оорунун божомолун начарлантат. Кээ бир учурларда адам өлүмгө учурашы мүмкүн.

Пневмония дүйнөдө 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн 15 % түзөт. 2017-жылы дүйнөдө 5 жашка чейинки 808 694 бала пневмониядан каза болгон. Бул оору менен ооруп калган ар бир 64чү адам каза табат. Пневмония менен ооруп калган адамдын түрдүү организмдерине оору коркунучтуу татаалдашууларды алып келет.

Тарыхы

Алгач пневмония болжолдуу биздин заманга чейин 460-жылы Гипократ тарабынан баяндалган, бирок, XIX кылымга чейин башка оорунун белгиси эмес, өпкөнүн инфекциясы экени белгисиз болгон. Биринчи клиникалык жана патологиялык белгилери 1819-жылы француз дарыгери Рене Лаэннек тарабынан баяндалган, ал эми 1842-жылы австриялык патолог Карл Рокитанский алгачкылардан болуп үлүштүк пневмония жана бронхопневмонияны диффренциялаган (айырмалаган). Инфекциялык табияты 1875-жылы немец патологу Эдвин Клебс тарабынан табылган, ал микроскоп аркылуу бактериаларды байкаган, ал эми 1884-жылы Карл Фридлендер (Carl Friedländer) жана Френкель Альберт (Albert Fraenkel) ошол кездеги пневмониянын көбүрөөк таралган эки негизги козгогучтарын аныкташкан — Streptococcus pneumoniae (пневмококк) жана Klebsiella pneumonia.

Пневмококктун I[a] түрүн изилдөөдөгү чоң салымды АКШнын Рокфеллер унивеститетинин кызматкерлери Руфус Коул, Освальд Эвери жана Альфонс Доше кошкон. Алар 1917-жылы пневмококко каршы сыворотканы иштеп чыгышкан.

1929-жылга Эл аралык өлүм себептеринин тизмесинде пневмонияны аныктоо үчүн 94 термин көрсөтүлгөн, кийинчерээк ЭОК-10 (Эл аралык оорулар классификациясы, орусча МКБ-10) классификаторунда пневмонияны камтыган көптөгөн баяндама терминдерди акыр-аягы алып салышкан, бирок, ал дагы деле кээ бир инфекциялык жана инфекциялык эмес себептердин баяндама терминдеринде көрсөтүлөт, анын ичинде кээ бир оорулар жана процедуралардан чыккан татаалдашуулар. 1930-жылдары пенициллиндин жардамы менен бактериалдык пневмонияны дарылоонун ыкмалары иштелип чыккан, бирок ошого карабастан пневмония дагы деле 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү бойдон калууда.

Классификация

Пневмониянын процессинин жайылуу критерийи боюнча кийинкидей:

  • очоктук — өпкөнүн анча чоң эмес очогун ээлейт (бронхопневмония — респиратордук бөлүмдөр + бронхалар);
  • сегментардык — өпкөнүн бир же бир нече сегменттерине жайылуу;
  • үлүштүк — өпкөнүн үлүшүн ээлейт. Үлүштүк пневмониянын классикалык мисалы катары крупоздук пневмония (кабыргадан сезгенүү, кан түкүргөн оору) — көбүнчө альвеолдор жана өпкөнүн сырткы кабыгына таандык аймак (плевра);
  • кошулма (сливной) — майда очокторунун чоң болуп бири-бирине кошулуусу;
  • тоталдык — бүткүл өпкөгө жайылса.

Мындан тышкары, эгер, бир гана өпкө жабыркаса бул бир тараптуу пневмония болот, эки өпкө жабыркаса — эки тараптуу.

Козголушуна карата кийинкидей бөлүнөт:

  • алгачкы пневмония — өз алдынча оору катары болот;
  • экинчилик пневмония — башка оорудан улам (фонунда) өрчүйт; мисалы, өнөкөт бронхиттен улам;
  • радиациондук форма — онкологиялык патологияларды рентгенрадий менен даарылоодо пайда болот;
  • жаракаттан кийин (посттравмалык) — көкүрөк клеткасынын жаракатынын натыйжасында, бронхиалдык секреттер кечиктирилет жана өпкөнүн аба менен алмашуусу бузулат, а бул өпкө ткандарындагы сезгенүү процесстерине алып келет.

Келип чыгуу негизи боюнча:

  • инфекциялык — пневмококктор, клебсиеллдер, стафилококктор, стрептококктор жана башка бактериялардын таасири менен өрчүйт;
  • вирустук генезис — Эпштейн вирусу (барр же цитомегаловирус) менен жабыркаганда көбүнчө герпестик формасы көп кездешет;
  • грибоктук генезис — оорунун козгогучтары катары грибоктор болушу мүмкүн — көк даттык (Aspergillus, Mucor), ачыткы өңдүүлөр (Candida), эндемикалык диморфтук (Blastomyces, Coccidioides, Histoplasma), пневмоцисттер (Pneumocystis);
  • аралаш түр — бир убакта эки же андан ашык козгогучтар түрлөрү менен козголот.

Оорунун өтүү процесси боюнча:

  • курч пневмония — өз кезегинде курч (3 жумага чейин) жана узакка созулган (2 айга чейин) болуп бөлүнөт;
  • курчуу алдындагы пневмония — клиникалык узактыгы — болжол менен 3-6 жума;
  • өнөкөт пневмония (учурда классификациядан чыгарылган) — начар интенсивдүүлүгү жана өтө узакка созулуусу менен айырмаланат — бир нече айдан, көптөгөн жылдарга чейин.

Оорунун өтүү деңгээли боюнча пневмония жеңил, орто жана оор болушу мүмкүн.

Оору функционалдык өзгөрүүлөр менен өтүшү мүмкүн (өнөкөт дем алуу же жүрөк жетишсиздиги), мындай өзгөрүүсүз, жана татаалдашуунун, болгону же жоктугуна жараша татаалдашкан же татаалдашпаган пневмония деп белгиленет.

Мындан тышкары дагы кийинкидей айырмаланат:

  • Ооруканадан тышкаркы пневмония (внебольничная):
    • иммунитеттин бузулушу менен;
    • иммунитеттин бузулушу жок;
    • аспирациондук;
  • оорукана ичиндеги (нозокомиалдык) пневмония:
    • аспирациондук;
    • желдетме;
    • цитостатикалык (цитостатиктерди кабыл алуу фонунда);
    • донордук органдардын реципиенттери.
  • медициналык кийлигишүү менен байланышкан пневмония:
    • тез-тез госпиталдаштыруу;
    • гемодиализ;
    • дарыларды парентералдык куюуу;
    • карылар үйүнүн жашоочулары.

Түрдүү козгогучтардан пайда болгон пневмония

Бул топко түрдүү козгогучтар менен пайда болгон пневмонияларды киргизүүгө болот, анын ичинде, түрдүү терапия жана алдын алууга муктаж ар кандай эпидемиологиялык, клиникалык жана анатомиялык белгилер, оорукана пневмониясы, ВИЧ-инфекциядагы пневмония ж. б.

  • Пневмокок пневмониясы
  • Стафилокок пневмониясы
  • Стрептокок пневмониясы
  • Haemophilus influenzae чакырган пневмония — Афанасьев-Пфейффер таякчасы
  • Mycoplasma pneumoniae чакырган пневмония
  • Legionella pneumophila чакырган пневмония
  • Chlamydia psittaci чакырган пневмония
  • Escherichia coli чакырган пневмония
  • Pseudomonas aeruginosa чакырган пневмония
  • Klebsiella pneumoniae чакырган пневмония
  • Chlamydophila pneumoniae чакырган пневмония
  • Pneumocystis carinii чакырган пневмония (заманбап терминологияда — Pneumocystis jirovecii)
  • Кандидоздук пневмония
  • Өпкө аспергиллёзу
  • Вирустук пневмония (грипп, адамдын респиратордук-синцитиалдык вирусу, парагрипп, SARS-CoV-2 ж. б.)
  • Цитомегаловирустук пневмония
  • Өпкө кара тумоосу (чума)

Жайылуусу

Дүйнөдө жылына 17 млн ашык адам пневмония менен оорушат, анын ичинде эркектер, аялдарга караганда 30 %га көбүрөөк чалдыгышат. Өзгөчө тобокел топторуна 5 жашка чейинки балдар жана 65 жаштан ашкан кары адамдар кирет. Ошону менен бирге башка ооруларга салыштырмалуу өлүмдүлүктүн жогору экенин белгилеп коюуу керек: эркектерде 8,04 % жана аялдар арасында 9,07 %.

Ооруга чалдыгуу көптөгөн факторлордон көз каранды: жашоо деңгээли, социалдык жана үй-бүлөлүк абалы, эмгек шарттары, жаныбарлар менен байланышы, саякаттоо, зыяндуу адаттардын болушу, оорулуу адамдар менен байланыш, адамдын жеке өзгөчөлүктөрү, тигил же бул козгогучтун географиялык жайылгандыгынан.

Бүгүнкү күндө пневмония балдар жана улгайган адамдар арасында өлүмдүн себебинин жогорку көрсөткүчү болууда, өзгөчө социалдык мекемелерде (балдар үйлөрүндө, интернаттарда, эркинен ажыратуу жайларда). Кары адамдар ооруканаларда башка оору менен даарыланууда пневмонияга чалдыгуусу өтө жогору. Ошондой эле оорукана жана ооруканадан тышкаркы пневмония этиологиясында чукул айырмачылыктар бар.

Патогенез

Микроорганизмдердин өпкө тканына кирүүнүн эң эле көп кездешүүчү жолу бронхогендик — жана буга кийинкилер көмөкчү: аспирация, айлана-чөйрөдөн микробдордун дем алуу органдарына кирип кетүүсү, патогендик флоранын өйдөңкү дем алуу системасынан (мурун, кекиртек) төмөнкүсүнө өтүп кетиши, медициналык манипуляциялар — бронхоскопия, трахеянын интубациясы, өпкөнү жасалма желдетүү, даары каражаттарды микробу бар (таза эмес) ингаляторлордон кабыл алуу ж. б. Инфекциянын гематогендик (гематогендик — эндогендик микрофлора чакыруучу, сөөктөргө эндогендик инфекция очокторунан кан тамырлар аркылуу өтүүсү) жайылуу жолу сейрек кездешет — карын ичи аркылуу (внутриутробный), септикалык процесстерде жана маңзаттарды кан-тамыр аркылуу саюуудагы наркоманияда. Лимфогендик кирип кетүү жолу өтө сейрек кезигет. Түрдүү этиологиядагы пневмонияда инфекциондук агент респиратордук бронхиолдордун эпителиясына жабышып, көбөйө баштайт — курч бронхит же ар түрдүү бронхиолиттер өрчүйт — жеңил катаралдыктан некротикалыкка чейин. Микроорганизмдердин респиратордук бронхиолдордон тышкары жайылуусу өпкө тканынын сезгенүүсүнө же пневмонияга алып келет. Бронхиалдык өтүмдүүлүктүн бузулуусунан улам ателектаз (өпкө ткандарынын түшүүсү) очоктору пайда болот. Рефлектордук түрдө организм жөтөлүү жана чүчкүрүүнүн жардамы менен бронхтордун өтүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө аракет кылат, бирок, натыйжада инфекциялар дени сак ткандарга жайылат дагы пневмониянын жаңы очоктору жаралат. Кычкылтек жана дем алуу жетишсиздиги өрчүп, оор учурларда жүрөк жетишсиздиги өнүгөт. Көбүнчө оң өпкөнүн II, VI, X жана сол өпкөнүн VI, VIII, IX, X сегменттери жабыркайт. Көп учурда процесске аймактык лимфа түйүндөр да кошулат — бронхопульмоналдык, паратрахеялдык, бифуркациондук.

Пневмониянын өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү факторлор

Эрте курактагы балдар:

  • курсактагы баланын гипоксиясы же асфикциясы;
  • төрөт травмасы;
  • ымыркайлардын пневмопатиялары;
  • тубаса жүрөк кемтиктери;
  • өпкөнүн өнүгүү кемтиктери;
  • муковисцидоз;
  • тукум куума иммунитет жетишсиздиги;
  • гипотрофиялар;
  • гиповитаминоздор.

Мектеп курагындагы балдар:

  • кеңилжээрдеги (носоглотка) өнөкөт инфекция очоктору;
  • кайталанма (рецидив) бронхиттер;
  • муковисцидоз;
  • кабылданган жүрөк кемтиктери;
  • иммуно жетишсиздик абалдар;
  • чылым чегүү.

Чоң кишилер:

  • чылым чегүү жана өнөкөт бронхит;
  • өпкөнүн өнөкөт оорулары;
  • эндокриндик оорулар;
  • жүрөк жетишсиздиги;
  • иммуно жетишсиздик абалдар;
  • көкүрөктүн жана ич көңдөйүнүн хирургиялык операциялары;
  • узак мөөнөттө горизонталдык абалда болуу;
  • аракечтик.

2013—2016-жылкы көргөзмө изилдөөлөрдө бактериалдык пневмония оорусу менен тиштердин саламаттыгынын байланышы бар экени аныкталган. 26 000ден ашык изилдөөгө катышкан адамдардын 441и жок дегенде бир жолу бактериалдык пневмония менен ооруган. Стамотологиялык кароодон жылына 2 жолу өтүп турган адамдарга караганда такыр кароодон өтпөгөн адамдардын 86 % пневмониянын жогорку тобокелине ээ болгон.

Клиникалык көрүнүш

Пневмониянын белгилери анын түрүнө жараша өтө ар түрдүү болгондуктан (айрымдары макаланын өйдө жагында) жалпы бир белгилерди көрсөтүү каралган эмес, ошондой болсо да, айрым белгилери көбүрөөк кездешет, ал эми клиникалык көрүнүштөрү кийинкидей:

Пневмония белгилери
Пневмония белгилери

«Типтүү» пневмония чукул температуранын көтөрүлүшү, жөтөлгөндө ириңдүү какырыктын чыгышы, жана кээ бир учурларды плевралдык ооруксунтуу менен мүнөздөлөт. Изилдөөдө: перкутордук үндүн кыскаруусу, катуу дем алуу, күчөтүлгөн бронхофония, күчөтүлгөн үндүн кыркырашы, алгач кургак, андан соң нымдуу, крепитацияланган кыркыроолор, рентгенограммадагы караңгылоолор. Мындай пневмонияны Streptococcus pneumoniae, Haemophilus influenzae, Escherichia coli, Klebsiella pneumoniae чакырат.

«Типтүү эмес (атипичный)» пневмония акырындан башталган, кургак, өндүрүмдүү эмес жөтөл менен мүнөздөлүп, баш ооруу, миалгия, ооруксунтуулар жана тамактын кыркырашы, рентгенограммадагы кичинекей өзгөрүүлөрдө алсыздык жана жаман сезүү сыяктуу экинчи даражадагы симптомдор көбүрөөк байкалат. Пневмониянын бул түрүн шартка ылайык Mycoplasma pneumoniae (микоплазмалык пневмония), Legionella pneumophila (легионеллёздук пневмония), Chlamydia pneumoniae (хламидиялык пневмония), Pneumocystis jirovecii (пневмоцисттик пневмония) чакырат.

«Кайталанма (вторичный)»: аспирациондук, септикалык, иммуно жетишсиздиктин фонунда, гипостатикалык, посттравмалык жана башкалар.

Аспирациондук пневмония — өпкөгө бөтөн массалар (операция учурундагы кусуу массалары, эс-учун жоготууда, травмалар, жаңы төрөлгөндөрдө төрөт учурундагы анатомиялык суюктук менен аспирациясы) кирип кеткенде өнүгөт, микробдор — пневмониянын козгогучтары, бөтөн массанын курамында өпкөгө кирет. Аспирациялык пневмония очоктук пневмония түрүндө өнүгөт.

Крупоздук пневмония

Крупоздук пневмониянын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгүнө жараша аздыр-көптүр пневмониянын бир түрү катары кароого болот. Крупоздук пневмонияда патологиялык процесс бир нече баскычтан өтөт. I баскыч — гиперамия жана шыкалуу баскычы — альвеолдордогу сезгенүү, аларды кеңейтип, экссудат (сезгенүү учурунда ткань жана организм көңдөйүндөгү майда кан тамырлардан чыккан суюуктук) пайда болот. II баскыч — боордошуу (орусча опеченение, паренхиматоздук органдын тыгыздалуусунун натыйжасында боорго окшоп калуусу) баскычы, алгач кеңейтилген тамырлар аркылуу альвеолярдык экссудатка эритроциттер кирет. Альвеолдордогу аба чыгарылат. Фибринге толгон альвеолдор өпкөнү боордун өңү сыяктуу боёйт. Бул экинчи баскычтын биринчи бөлүгү кызыл боордошуу аталышын алып жүрөт. Андан кийин экссудатта лейкоциттер көптүк кыла баштайт. Экинчи баскычтын бул бөлүгү боз боордошуу аталат. Акыркы, III баскыч — чечилүүчү баскыч: Альвеолдордогу фибрин жана лейкоциттер сиңирилип, жарым-жартылай какырык менен чыгарылат. I баскыч 2—3 күн созулат, II — 3—5 күн. Чечилүүчүсү оорунун 7—11-күнү келет.

Крупоздук пневмониянын (плевропневмония) козгогучу пневмококк. Бул микроб козгогон пневмония өзүнүн масштабдуулугу жана оорунун оор өтүшү менен айырмаланат. Крупоздук пневмониянын башталышы курч. Дене табы 39—40 °C көтөрүлөт. Демигүү оорунун биринчи күндөрүндө эле байкалат. Пневмониянын бул түрү үчүн өпкөнүн бир бөлүгү, толук бир өпкөнүн же эки өпкөнүн жабыркашы мүнөздүү. Жабыркоонүн көлөмү канчалык чоң болсо, процесс ошончолук оор өтөт. Оорунун 3-4-күнүндө мүнөздүү дат какырык жана жөтөл пайда болот. Жөтөлгөндө бейтап төштүн өпкө тарабындагы катуу «сайгылаштырган» ооруга арызданат. Очоктук пневмонияда төштөгү оорутуулар тескерисинче сейрек кездешет. Объективдүү изилдөөдө биринчи баскыч везикулярдык (көбүктүк) дем алуунун сакталышы жана басаңдатылган-тимпаникалык (тимпаникалык медицинада — дойбунун же барабандын үнү сыяктуу) перкутордук (жогорку үндөр акырын жана кыска, ал эми төмөнкү үндөр — катуураак жана узагыраак) үн менен мүнөздөлөт. Ошондой эле, кошумча дем алуу үнү — крепитация (crepitatio indux, кычыраган, кыркыраган же кырсылдаган) угулат. Экинчи баскычта — дем алуу бронхиалдык (абаны тартканда «х» тамгасын айткандагыдай сыяктуу үн) жана басаңдатылган перкутордук үн. Жабыркаган жактын төмөнкү өпкө четинин кыймылдуулугу төмөндөтүлгөн. Үчүнчү баскычта биринчи баскычтагыдай — везикулярдык дем алуу, басаңдатылган-тимпаникалык перкутордук үн, ошондой эле крепитация болот.


Стетоскоп менен тыңшаганда, пневмония болуп ооруган адамдын өпкөсүндөгү кыркыраган үндөр.

Крупоздук пневмонияда температура, жөтөл жана какырыктын чыгышы 10 күндөн ашык созулушу мүмкүн. Крупоздук пневмониянын фонунда өпкөнүн абсцесси (абсцесс — жумшак ткандардын ириңдүү сезгенүүсү жана арлардын ээрип, ириңдүү көңдөйдүн калыптанышы), жүрөк-өпкө жетишсиздиги өрчүп кетиши ыктымал. Бронхопневмонияны даарылоодо антибиотиктерди, какырык чыгаруучу каражаттарды жана муколитиктерди пайдаланышат.

Диагностикалык изилдөө ыкмалары

Негизгилери

  • Төштүн рентгенографиясы
  • Какырыкты Грам (Gram) боюнча боёоо микроскопиялык изилдөөсү
  • Какырыкты азыктандыруучу чөйрөлөргө себүү
  • Кандын жалпы жана биохимиялык анализи
  • Кандын газдык курамын изилдөө

Кошумчалар

  • Төштүн компьютердик томографиясы
  • Плевралдык көңдөйдүн парацентези жана плевранын биопсиясы
  • Биопсия менен бронхоскопия жасоо
  • Канды азыктандыруучу чөйрөгө себүү
  • Спецификалык антителолорду табуу
  • Өпкөнүн биопсиясы
  • Диагностикалык торакотомиядан кийин өпкөнүн биопсиясы
  • Заранын анализи

Дарылоо

Пневмонияны дарылоодо негизги каражат антибиотиктер. Антибиотикти тандоо, пневмонияны козгогон микроорганизмге жараша болот. Ошондой эле, бронхаларды кеңейтүүчү жана какырыкты суюлтуучу каражаттар пайдаланылат — ичүү же ингаляция түрүндө, кортикостериоддер, венанын ичине туз эритмелерин куюуу, кычкылтек. Кээде плевралдык пункция (пункция — диагностика жана даарылоо максатында үлгү алуу үчүн көңдөйлүү медициналык ийне менен кайсы бир органды тешүү) жана бронхоскопия (бронхоскопия — трахея жана брохтордун былжыр челдерин атайын оптикалык аспап [бронхоскоп] менен изилдөө) аткарылат. Көп учурда физиотерапия пайдаланылат: ультра кызгылт көк (ультрафиолет) нурлантуу, титиретип (вибрациялык) массаж жасоо, даарылык физкультура, парафин, озокерит.

Ооруканадан тышкаркы пневмонияда антибиотикалык терапияны колдонууда, козгогучтун түрү белгисиз болсо корголгон пенициллиндер жана цефалоспориндин айкалышы колдонулат (башкача айтканда кеңири спектрдагы антибиотиктер), макролиддер; ошондой эле, карбапенемдер (тиенам, меропенем), респиратордук фторхинолондор пайдаланылат. Терапиянын эффективдүүлүгү жок болуп чыкса, антибиотикти алмаштырат. Терапиянын ийгиликтүүлүгүнүн критерийине антибиотик колдонгон үч күндөн кийин дене температурасынын калыбына келиши, ошондой эле, объективдүү изилдөөнүн маалыматтары жана төштүн рентгенографиясы кирет.

Алдын алуу

Пневмонияны алдын алуу балдардын өлүмдүүлүгүн төмөндөтүүнүн маанилүү фактору. B түрүндөгү гемофильдик таякчага, пневмококк, кызылча жана көк жөтөлгө (коклюш) каршы вакцинация пневмонияны алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Ымыркайлар үчүн тамактануу маанилүү ролго ээ, өзгөчө, биринчи 6 ай жашоосунда эмизип тамактандыруу. Балдар арасындагы пневмонияны абаны булгоо менен күрөшүү дагы төмөндөтөт, мисалы, үйлөрдө экологиялык таза ашкана мештерин колдонуу. Үй-бүлөсү чоң үйлөрдө гигиенаны сактоо шарттарын камсыз кылуу дагы ооруну төмөндөтөт.

Медициналык мекемелерде инфекциянын жайылуусун алдын алуунун эффективдүү ыкмалары: колду жуу, беткап жана колкаптарды колдонуу, ошондой эле бейтаптарды изоляциялоо.

Вакциналык алдын алуу

Пневмококк инфецияларын вакциналык алдын алуу

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык «Вакцинациялоо — пневмококк инфекциясынын өрчүшүн алдын алуунун жалгыз мүмкүндүгү». 2 жаштан ашкан адамдар үчүн пневмококк инфекциясына каршы вакцинация АКШда 1983-жылдан тарта, ал эми РФте 1999-жылдан ийгиликтүү түрдө полисахариддик поливаленттик вакциналар колдонулат, мында 90 % пневмококк этиологиясынын инвазивдик ооруларынын 23 серотип антигендери камтылган. Вакцинация бир жолу жана жогорку тобокелдик топторуна (65 жаштан ашкандар жана иммундук жактан бедели түшкөн жарандарга) ревакцинация 5 жылдан кийин жүргүзүлөт. Полисахариддик вакциналардын эффективдүүлүгү 80 % жетип, улгайган адамдарда, иммундук жактан бедели түшкөн жарандарда, ошондой эле 2 жаштан ылдый балдарда төмөнүрөөк болушу мүмкүн. Бул вакциналар Т-көз карандысыз В-клеткалык иммунитетти калыптандырууну шарттайт.

Полисахариддик пневмококк вакцинасын колдонуу көрсөткүчтөрү кийинкидей:

  • 65 жаштан ашкан бардык адамдар;
  • 2 жаштан 64 жашка чейинки өнөкөт жүрөк, өпкө оорулары бар, ошондой эле орок сымал клеткалык анемия, кант диабети, кара сарык, аракечтик менен ооругандар;
  • иммуно жетишсиздик оорулары бар 2 жаштан 64 жашка чейинки адамдар, мисалы: лимфогрануломатоз, лимфома жана лейкемия, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги, нефротикалык синдром, көптүк миелома, ВИЧ-инфекция, көк боор оорулары же асплениялар, органдарды трансплантациялоодо;
  • иммуносупрессордук терапия (нур терапиясы, узак мөөнөттүү кортикостероиддер же цитостатиктер курсу) алган 2 жаштан 64 жашка чейинки адамдар
  • бронхиалдык астма менен жабыркаган жана тамеки тарткан 19дан 64 жашка чейинки жарандарга;
  • балдар жамаатында көп болгон адамдар.

Гемофильдик пневмонияны вакциналык алдын алуу

В түрүндөгү Haemophilus influenzae (Hib-инфекция) бактериясы — кеңири таралган оор инфекцияларды козгогуч, негизинен 6 жашка чейинки балдар арасында. Өнүккөн өлкөлөрдө татаалдашкан пневмониялар арасында Hib-инфекция 10-24 % түзөт.

Hib-инфекцияга каршы балдарды массалык түрдө вакцинациялоо гемофильдик инфекциясы барларды 1980-жылдары 40-100ден 100 миңге чейин, 1990-жылдары 1,3 чейинден 100 миңге кыскарткан. Өнүккөн жана көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө массалык Hib-вакцинация татаалдашкан пневмонияны 20 % төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген (мисалы Чилиде 1000ге 5,0тен 3,9га чейин). Hib штаммдарынын арасында антибиотиктерге туруктуулук көбөйүп жатканын эске алганда, Hib-вакцина андан дагы актуалдуу болмокчу. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Hib-вакцинаны бардык өлкөлөрдүн вакцинациялоо календарына кошууну сунуштап, «оорулар жөнүндөгү маалыматтын жетишсиздиги Hib-вакцинаны киргизүүгө жолтоо болбошу керек» деп белгилейт.

Пневмококк вакциналарынын эффективдүүлүгү

Росссия Федерациясында полисахариддик вакциналардын эффективдүүлүгү уюшкан жамааттарга (аскер жамааттарында пневмонияга чалдыгуу 3 эсе, курч бронхит — 2 эсе, курч орто отит жана синуситтер — 4 эсе төмөндөгөн), ошондой эле тобокел топторуна алуу көрсөтүлгөн. Мисалы, көп ооруган балдардын 23 валентүү пневмококк вакцинациясы менен вакцинациялангандан кийин респиратордук ооруларга чалдыгуу жыштыгы 1 балага жылына 6,54төн 0,67ге төмөндөгөн, ал эми кургак учук микобактериялары менен инфекцияланган балдардын арасында пнемония жана бронхиттин жыштыгы, респиратордук инфекциянын спецификалык эмес профилактикасын алган көзөмөл топторуна салыштырмалуу 7 эсеге азайган.

Балдар арасындагы бронхиалдык астмада 23 валентүү пневмококк вакцинасы негизги оорунун өрчүп кетүү жыштыгын (бронхиалдык астманын триггери) 60 % азайткан.

Өпкөнүн обструктивдүү өнөкөт оорусу (ӨОӨО, орусчасы ХОБЛ) менен ооруган бейтаптар арасында пневмококк вакцинасы эл аралык, ошондой эле россиялык изилдөөлөр менен жогорку эффективдүүлүктү көрсөткөн. Бул бейтаптар арасында өрчүп кетүү жыштыгы (анын ичинде пневмония) вакцинациядан кийин алгачкы бир жыл ичинде 2,4 эсеге төмөндөгөн.

Белоктор менен конъюгирленген пневмококк вакциналары балдар арасында инвазивдик пневмококк инфекция тобокелдерин кыйла төмөндөтүп (1 жашка чейинкилерде 82 % чейин), андан тышкары, жалпы популяциялык иммунитетти калыптандырат, анткени, жаш балдар инвазиялоочу инфекциялардын негизги резервуары болот деп саналат. Ошентип, улуттук календарь менен балдардын массалык эмделген популяцияларда, чоң кишилер сейрек оорушат.

2018-жылы Pfizer компаниясы конъюгирленген пневмококк 13 валенттүү вакцинасынын (ПКВ13) клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Изилдөөлөр Луисвиллде популяциондук байкоо «кырдаал-көзөмөл» перспективдүү изилдөө, чоң кишилерди терс көзөмөлдөө форматында өткөн. Клиникалык изилдөөлөр чегинде спецификалык серотип вакцинасын чыгаруу максатында пневмония менен ооруган бейтаптарга анализ жүргүзүлгөн. Пневмонияда ооруканадан тышкаркы бейтаптарды госпиталдаштыруунун узактыгы орточо 6 күндү түзгөн. Изилдөөдө 65 жаштан өйдө адамдарды ПКВ13 пневмококк вакцинасы менен иммундаштырууда пневмониядан пайда болгон госпиталдаштыруу 73 % төмөндөгөн.

Татаалдашуу

Пневмониянын олуттуу татаалдашып кетүүлөрү кийинкидей: өпкөнүн абсцесси жана гангренасы, плеврит, плевра эмпиемасы, обструкция, курч дем алуу жетишсиздиги, эндокардит, перикардит, менингит, өпкөнүн шишиши, сепсис.

Ошондой эле, пневмониядан кийин дээрлик ар бир бейтаптын өпкөсүндө тырыктар пайда болот.

Жоромол

Антибиотиктерди колдонууда шартка ылайык жоромолдор жагымдуу. Антибиотиктерди кабыл алгандан кийин ичеги флорасы көпчүлүк учурда өз алдынча калыбына келип, дары-дармектерди колдонууну талап кылбайт. Адекваттуу эмес терапияда же иммунитеттин жетишсиздигинде пневмония өлүмгө алып келиши мүмкүн.

2021-07-23 243 Медицина Жыргалбекова С. 2021-07-23