Үсөнбеков Калыйнур


Үсөнбеков Калыйнур(1921-жылы туулган, Түп району, Ой-Булак айылы) - советтик Союз. Баатыры (1945), генерал-лейтенант (1985). Каракол педагогикалык окуу жайын бүтүп (1941), Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1942-жылы мартта армияга чакырылып, ошол эле жылы кенже лейтенанттардын курсун бүткөн. Согушка 1942-жылы ноябрдан кирген. 1945-жылы 12-февралда Одер боюндагы салгылангга Ү. жоокерлерди чабуулга банггап, анын ийгилигин камсыз кылган. Эртеси душмандын 2 батальондон ашуун жөө аскерин, 9 танкасынын чабуулун 14 саат токтоткон, өзү 60 фашистти өлтүрүп, көбүн жарадар кылган.

14-февралдагы бетме-бет салгылапгга жалгыз өзү 7 фашистти жок кылып, экөенү туткундаган. Согунгган кийин армияда кызматын уланткан. 1951-жылы Аскер-укук академиясын бүткөн. 1951—53-жылы аскер прокуратурасында иштеген. 1953-жылы Кыргыз ССР прокуроруна биринчи орун басар. 1960-жылы Кыргыз ССР ички иштер министрлигинде жооптуу кызматта. 1968—87-жылы Кыргыз ССР ДОСААФ БКсынын төрагасы. 1986жылдан отставкада.

1987-жылдан Кыргызстан аскер жана эмгек ардагерлер советинин төрагасы. Ү. Ленин, Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3 Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

2016-05-27 256 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27