Үсөнбаев Замирбек – акын. Фрунзе шаарында 1951-жылдын 1-сентябрында туул-ган. 1968-жылы орто мектепти, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1968-жылдан баштап Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармонияда эмгектенет. З. Үсөнбаев чет өлкөлөрдү кыдырып, АКШ, Японияда, Кытай Эл Республикасында, Түркияда, Швецияда өз өнөрүн тартуулаган.
1991-жылдан баштап А. Үсөнбаев атындагы "Кыргыз эл шайырлары" тобунун көркөм жетекчиси.
1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы берилип, Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын дипломанты болгон. 1983-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наам берилген.
1991-жылы "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы ыйгарылып, 1997-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Музыкалык искусство» адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамы берилген.
2001-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
1985-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Замирбектин ырлары: – Ф., Кыргызстан, 1985. – 62 б.
Алымкул төкмө жүз жашта: Эскерүүлөр. – Б.: Баласагын, 1994. – 105 б.