Үрүмчү


ҮРҮМЧҮ, Дихуа – Чыгыш Түркстандагы шаар. 1757-жылы цин-манжур императору Цзянь Лундун тушунда негизделген (шаардын алгачкы аты – Дихуа). 1955-жылы шаар курулганга чейинки жергиликтүү географиялык аталышка көчкөн. Үрүмчү шаары Синь-цзян-Уйгур автономия районунун борбору. Калкы 1 миллиондон ашат (100дөй түтүн кыргыз бар). Үрүмчү шаарында «Эл басмасы» жана «Окуу-агартуу басмасынын» кыргыз сектору иштейт. Кыргыз тилинде «Шинжаң кыргыз адабияты», «Тил жана котормо» журналдары чыгат, «Элдик үн алгы бекетинен» күнүгө эки саат кыргыз тилинде уктурулат.

Үрүмчү — «Манас» эпосундагы топоним. Көпчүлүк варианттарда кыргыздар жана аларга жамаатташ элдер мекендеген жер катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында уруу башчысы Үрбүнүн турган шаары катары баяндалат:

Географиялык реалияда Түндүк-Батыш Кытайдагы Ү. суусунун өрөөнүндөгү шаар. Синьцзян-Уйгур автоном районунун административдик борбору. 800 миң эл жашайт (1975). Шаардын аты Ү. суусунун атынан келип чыккан.

2016-08-11 65 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11