Үмөталиева


Үмөталиева, Жамал Темиркуловна (1935-ж. т., Фрунзе шаары – искусство таануу илимдеринин доктору. Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү. Москвадагы М. В. Ломоносов атындагы мамлекеттик университетин (1955) бүтүргөн. 1956–59-ж. Москвадагы көркөм өнөр жай илим-изилдөө институтунун аспиранты. 1959–68-ж. Кыргыз ССР илимдер академиясынын илимий кызматкери, 1975-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, 1979-жылдан Фрунзе политехникалык институтунун философия кафедрасынын башчысы. Ү. кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун тарыхын изилдеп, көп илимий эмгектерди жараткан.

2016-08-11 52 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11