Үкүев Дүйшөнбек


Үкүев Дүйшөнбек - обончу, ырчы жана аткаруучу Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында 1947-жылы 20-июнда туулган. 1967-жылдан ушул кезге чейин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы болуп иштеп келет.

1990-жылы Ж. Шералиевдин 75 жылдыгына арналган фестивалда «Көз алдымда элесиң» аттуу ырын ырдап баш байгеге, 1998-жылы Республикалык обончулардын кароо-сынагында А. Осмоновдун сөзүнө жазылган «Отуз жаш» аттуу обону менен биринчи байгеге татыган. А. Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган телефестивалда диплом жана баалуу белектерди алып, 2002-жылы Муса Баетовдун 100 жылдыгына арналган Эл аралык телефестивалда «Сагынам» аттуу ыры менен лауреат болгон.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасына татыган. Ал 50дөн ашык обондун автору, алардын көпчүлүгү Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

2016-08-11 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11