Үй болбогондо келмек эмес

Апенди жанда жок таарынчак экен. Таарынганда да жөн таарынбай үйдөн качып кетмей бир адат таап алат. Ал антип качкан сайын артынан аялы, аялы болбосо кызы, кызы болбосо уулу кошо салпактап чуркап, жалынып-жалбарып жатып кайта үйгө жетелеп келип жүрүшүп, жаман үйрөнүптүр. Баягысын карматып, бир күнү дагы качат. Коруктун аягына барып, жатып алат. Анда аялы балдарына айтат: - Карган сайын артынан кетип, муну кудай урду. Кантээр экен, чакырбай жөн койсоңор!

- деп. Апенди жата берет, жата берет: бирөө келет десе, эч ким келбейт. Ошентип кеч да кирет. Апенди курсагы ачып, айласы кетет. Үйгө кантип баруунун шылтоосун таппай, күн батат. Жайыттагы мал келе баштаган маал болот. Апенди, эми аны эч ким келип чакырбасына көзү жетип түңүлгөндө ордунан акырын турат да, жанынан өтүп бараткан уюн куйругунан кармап алып, үйүнө келет. Анда аялы балдарына ээрдин тиштеп, эрине карайт: - Эмне келдиң? Таарынып качып кеттиң эле го! - десе, Апенди: - Сени өлдү деген кабар барса да келмек эмесмин. Береги уй! Колум куйругуна оролуп калса, жетелеп алып коё бербей койду.

Уйдун көңүлүн оорута алганым жок.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)